Өзгөчө кырдаарлдар

Көпчүлүк жаш кыздар «Мен мындай абалга туш болбойм» – деп пландаштырылбаган кой бойлуулук жөнүндө ойлошот, тилекке каршы өздөрү каалабаса дагы мындай жагдайга туш болушат. Ошол эле учурда, изилдөөлөр боюнча, кыздар менен балдардын жарымынан көбү кош бойлуулук жөнүндө эч качан ойлобошубу мүмкүн, бирок ымыркай жарык дүйнөгө келиши алардын жашоосу башка нукка өзгөрөт.
Өзгөчө кырдаарлдар

Жыл сайын 70 000ге жакын өспүрүм кыздар эне болууга даяр эместигинен төрөттүн ар кандай кыйынчылыктарына туш болушат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, төрөт өлүмүнө 20-24 жаштагы кыздарга караганда, 15-19 жаштагы кыздар көбүрөөк туш болушат. Жаш энелер көпчүлүк учурда айы-күнүнө жетпей төрөйт , ал эми алардын балдары тез-тез оорушат.

Жаңы төрөлгөн балдар ар дайым кароону жана камкордукту талап кылат. Аларды багуу, курсагын тойгозуу, жалаягын алмаштыруу – деген жумуштар кошулат. Сен кадимки жашооңду таштап, балага камкордук көрүүгө даярсыңбы? Түн ичи уктабай аны кароого даярсыңбы? Башыңа түшкөн жүктөр менен күрөшүүгө даярсыңбы? Ойлонуп көр.

Кош бойлуулук жана наристенин жарык дүйнөгө келиши жаш аялдын жумуш жана окуу менен байланышкан жашоосун олутту өзгөртүшү мүмкүн. Окуучу жана студент кыздар көп учурда энелик менен алек болуп, окуусун улантпай калат, демек, кызыктуу жана маянасы жакшы, туруктуу жумуш табыш үчүн алардын мүмкүнчүлүктөрү азаят.

Кээ бир кыздар эки тараптуу мамилелерди бекемдөө үчүн жана келечектеги баланын атасын сүйдүрүү үчүн балалуу болууну чечет. Бирок, бул чанда гана иштейт – изилдөөлөр боюнча 10 түгөйдүн ичинен 2 гана ЗАГСка барат, ал эми көпчүлүк жаш уландар үчүн ата болосуң деген жаңылык карама-каршы жол менен иштейт. Эгер үй-бүлөө аргасыздыктын астында түзүлгөн болсо, анын узун, бекем жана бактылуу болушуна эч кандай кепилдик жок.

                                              «Ата болуу оңой, ата болуп калуу кыйын»

                                                      В.О.Ключевский, орус тарыхчы