Мен кош бойлуумунбу?

Көпчүлүк кош бойлуулукка абдан олуттуу мамиле кылышат. Алар баарын кылдаттык менен карап чыгып – маалымат топтоп, дарыгер менен кеңешип, пландап, чыгымдарын изилдешет. Сен кош бойлуумун деген күмөн болсо, бирок эмне кылууну жана маалымат жок болсо, эмне кылыш керек? Биз бул макалада сага керек маалыматты чогулттук.
Мен кош бойлуумунбу?

Кош бойлуулуктун белгилер:

- Этек кирдин кармалышы

- Көңүл айнуу, куску келүү

- Эмчектин чоңойушу жана оорушу

- Маанайдын өйдө-ылдый түшүшү жана чарчоо

 

Бирок, кээбир учурларда кош бойлуулуктун эч кандай айкын белгилери жок болот.

Ал эми кээде бардык өйдөдөгү белгилер кош бойлуулуктун эмес, организмдеги гормоналдык жаңылуусу болуп жатканы жөнүндө айтат. Кандай болбосун, доктурга баруу зарыл.

Билүү керек:

1.  Кош бойлуулукту текшерүү үчүн тест. Ал ар бир даарыканада сатылат, ал эми колдонуу аябай жеңил. Тышында колдонууга көрсөтмөлөр жазылып турат. Муну этек кир кармалган күндөн беш күн өткөндө колдонсо болот.

2.  УЗИ. Боюнда бар экенин билиш үчүн так ыкма. Этек кирдин кечигүүсү 1,5жумадан 2 жумага созулса, анда УЗИге баруу зарыл.

Барууга чейин жана чыккандан кийин гинеколог менен кеңешүү керек.

Сен жыйынтыгын билгенден кийин, кош бойлуу андан ары жакшы улансын десең ооруканага барып, каттоодон өтүү зарыл. Бирок, сен жана түгөйүң буга даяр эмес болушуңар мүмкүн. Бул учурда, дарыгер менен кеңешип, жакын адамдарыңа айтып, эң негизгиси, бири-бириң менен ачык сүйлөшүп жана талкулоо зарыл.