Айрылышууну кантип жеңилдетүү керек?

Кыз менен баланын ортосундагы сүйүү жомоктогудай боло бербейт. Реалдуу жашоодо, биз ар кандай кыйынчылыктарга туш келебиз, жана алардын бири – сүйгөн адам менен эки ара кетүү. Бул учурда эң кыйыны – сүйлөшүү. Ошондуктан, айрылышууну жеңилдетчү үчүн бир канча кеңеш топтодук.
Айрылышууну кантип жеңилдетүү керек?

Сен тугөйүңө болгон сезимдериң өчүп баратканын жана анын мүнөзүндө жагымсыз сапаттарды байкап жатасыңбы?

Мындай учурлар болбой койбойт, сүйүү да достук катары өзгөрүлөт жана аны көзөмөлдөө кыйынга турат. Кээде сезимдер жыл сайын күч алат жана тутанат, кээде алар жогорку чекке жетпей өчүп калат.

Айрылышуунун так себебин айтууга болбойт, анткени ал белгисиз. Жөн гана түшүнбөстүктөрдөн баштап, башка адамды сүйүп калуу себебтери бар экенин унутпа. Себеби ар канда болушу менен, айрылышуу эки тарапка тең – оору алып келет.

Эгер сен мындай абалга туш болсоң, бул кеңештерди окуу:

  • Алдын ала сөз даярдоо зарыл. Жакшы формулировать этилген сөз жагымсыз кепти жакшыртат.
  • Түгөйүңдүн жүрөгүн оорутуп алуудан сак бол. Ал үчүн ыңгайлуу жагдайда айтуу керек.
  • Айрылышуу жөнүндө сөзүз жолугушууда айт. СМС же телефон аркылуу айтуу кырдаалды ырбатуу коркунучун жаратат.
  • Түгөйүңө сый-урмат көрсөткөнгө аракет кыл. Эч качан сөз менен кордоп, урушпа.
  • Эгер сен айрылышуудан кийин дос катары мамилени улантпасаң, ага чындыкты айтып, достошобуз деп айтпа.
  • Айрылышуудан кийин ал менен жолукпаганга аракет кыл.
  • Өзүңдө кармап, бук болуп жүрүү болбойт. Андыктан, жакын адамың менен бөлүшүп, кеңеш сура.

 

Ар бир адам өз алдынча мындай кырдаалдарды жеңет. Кыйынчылыктарга моюн сунбай, жашоодогу келе турган жаңы сүйүүңдү изде.