Кыздар менен кантип таанышуу керек: кеңештер

Бир кызды жактырып калган соң, ал менен таанышуу кыйынга турат. Сенин алдыга коюлган максатың – жөн гана маек баштоо эмес, ал кызга жагуу болуп саналат. Бул макалада биз кыз менен кантип кеп баштоо жөнүндө кеңеш беребиз – ал эми калганы сенин колуңда.
Кыздар менен кантип таанышуу керек: кеңештер

 

  • Келбет жөнүндө унутпа

Дал ошол кызга качан жолугаарыңды эчким билбейт, ошондуктан дайыма келбетиңе маани берип, таза болууга аракет кыл. Сени инсан катары билүүдөн мурун, ал сенин журүм-турумуңа, келбетиңе баа берет. Күн сайын жуунуну, сакал алууну, чачыңа, тырмагыңа кам көрүүнү унутпа.

  • Ачык бол

Таанышууга арналган эң таанымал жерлер – клуб, парк жана адам көп топтолгон жерлер болуп саналат. Бирок, бул жайларда адам көптүгүнө байланыштуу, кыз менен таанышууга кээде мүмкүнчүлүк жок болуп калат. Ошондуктан, спорттук залдан таанышып көрүүгө аракет кыл. Ал эми кеп баштоо үчүн ар кайсы темалар бар экенин унутпа: машыгуу, туура тамактануу, же болбосо спорттук кийимдер жөнүндө маек башта. Спорттукалдан тышкары, окуу курстарында же онлайн тармактарда таанышууга күч жумша. Соцтармактарда достошуу аябай оңой экенин унутпа.

  • Сылык бол

Сылык болуу – кыздарга эшик ачып берүү, коомдук траспортто орун бошотуу, же пальтосун чечүүгө жардам берүү гана эмес. Бул ар дайым сылык мамиле жасоо жана аны аны сыйлоо.

  • Көңүл бөл

Маек баштаардан мурун, ал кыздын маанайына көңүл бур.

  • Мамилечил бол

Ар бир адамдын кызык окуялары болот, ошолорду эсиңе тутуп, керектүү учурда айтып берүүгө аракет кыл. Мындайга кыз сөзсүз түрдө баа берет.

  • Өзүңө ишен

Эгер кыз макулдугун бербесе, эч кабатыр болбо. Башка адамдар менен мамиле куруп, алдыга карай кадам таштоону унутпа, анткени жаңы компаниядан сүйгөнүңдү жолуктуруу толук ыктымал.