Бактылуу мамилелердин сыры

Бир караганда, мамиле сүйүү жана жакшы көрүүчүлүк менен гана курулат деген ой келет, туурабы? Бирок, көп учурда сыйкыр бир жака жоголот дагы, жана анын себебин эч качан биле албайсың. Чынында мамиле да адамдар сыяктуу бара-бара өгөрүлөт, ошондуктан буга даяр болуу абзел. Мамилелердин аспектилерин түшүнүү үчүн, төмөндө биздин текшерүү тизмесин окуп чык.
Бактылуу мамилелердин сыры


Жан дүйнө маектешүүсү.
 

Элестет, сенин үй-бүлө мүчөлөрүң, же жакын досуң сага жакпай турган иш жасады. Албетте, бул жөнүндө сен ага ачык түрдө айтасың. Эми ошондой кырдаалды сүйгөнүң менен элестет. Сен ага ал жасаган иш жакпай турганын айтасыңбы же унчукпай кала бересиңби?

  

Бул учурда аны таарынтып албай, өз сезимдериңди ачык айкын айтууну үйрөнүш керек. Сүйлөшүүдө, дене байланышы жөнүндө унутпа – анын колун сылоо биркыйла абалды оң нукка бурганга жардам берет.

 


Ишеним
 

Кызгануу мамилени да бузат. Эгер ал достору менен жолукканда, же башка достору менен соцтармактарда жазышканда өзүңдү кармай аласыңбы? Балким, экөөң сүйлөшүп, силерди ыраазы кыла турган бир чечимге келгиле.

  
 

Биринчи кезекте, сен өзүңдүн ишеничиңдин үстүндө иштөө зарыл, ал үчүн сен сүйгөнүң менен сүйлөшүп, өзүңдү сыйлоо сезимин көтөрүү үчүн аракет кыл. Анткени ишеним жоктугунун кесепети – өзүнө ишенич жоктук болуп саналат.
 


Сыйлоо
 

Биз баарыбыз ар башкабыз, жадакалса сүйгөнүң экөөңдүн жалпы кызыгууңар көп болсо да, баарыбир сага же ага жакпаган нерсе табылат. Бул норма болуп эсептелинет, анткени силер бири-бириңердин хоббиңерди жактырганга милдетүү эмессиңер. Бул учурда сен ийкемдүү болуп, анын кызыкчылыктарын сыйлооң керек. Экөөң кезеги менен эмне менен алек болооруңарды тандасаңар болот.

 

 

Башкы нерсе – компромисс жана экөөңө тең ыңгайлуу келе турган тегиз мамиле. Ар дайым адамдын жеке мейкиндигин жана кызыкчылыктарын урматтоо маанилүү болуп саналат. Балким, убакыттын өтүшү менен, сен да анын кызыкчылыктарын жактырып каласың.