Үй-бүлөлүү жашоо

Мамиленин ар бир этабында той жөнүндө кеп салып, бирге жашоону пландаса болчудай. Айрыкча, жаш куракта кыздар той көйнөк кийүүнү кыялданып, идеалдуу канзааданы жолуктурууну самашат. Кээде ошол ой-тилектер аткарылат, бирок сенин кыялыңдагыдай болбой калышы мүмкүн. Ар бир никенин үстүнөн иштебесе, ал тез эле кыйрап калышы ыктымал, айрыкча эрте никелер.
Үй-бүлөлүү жашоо

Көп учурда жаш жубайлар өтө эмоционалдуу келишет жана алардын астында турган жоопкерчиликти жана кыйынчылыктарга даяр эмес болуп чыгышат. Буга ар кандай себептер бар:

1. Алар никени аябай романтизациялап жиберишет да, нике кыйгандан кийин ошондой эле мамиле улана берет деп ойлошот. Бирок, адам өмүр бою өнүгүп өскөнүнө жараша өзгөрүлөт эмеспи, ал эми сүйүүсүн ар кандай ыкма аркылуу көрсөтүшү мүмкүн.


just married_2

 

2. Көпчүлүк өспүрүмдөр никени ата-энеден арылуу катары көрүп, баш кошууга шашат. Бирок, нике менен сага чоң жооопкерчилик гана келбестен, түгөйүңө камкордук көрүү жумушу да башыңа түшөт.


elle-fanning-young-ones-wedding-dress

3. Никеде сүйүү жана жакшы көрүү экинчи иретке кетет, ал эми акча табуу, бала багуу тескерисинче биринчи орунда болуп калат. Көпчүлүк мындайга даяр эмес болгонуна байланыштуу, ажырашууга чейин барышат.

 

Бирок, силер чын эле баш кошууга даяр экениңерди кантип билүү керек?Төмөндөгү текшерүүчү тизмени окуп, туура чечим чыгар.

  • Курак. ​​​​Статистика боюнча кыздар 20-22 жаштан баштап эне болууга даяр болсо, ал эми балдар 23 жаштан тартып ата болууга даяр болушат. Бул жетилгендиктин чокусу.


old

 

  • Нике деген эмне? Баш кошкондон кийин жашоо өзгөрүлүшүнө даяр болуу кажет.


knowledge

  • Кайсы жерде жашайбыз? Ата-эне, достор менен жашоо жана башка варианттарчыгышы мүмкүн, бирок ар бир варианттын оң жана терс жактары барболгондуктан, буга даяр болуу зарыл.

home

  • Ким төлөйт? Албетте жаш жубайларга биринчи убакыт алардын ата-энелери жардам көрсөтүшөт. Бирок, бара-бара экөөң тең акча жактан көз карандысыз экениңерди көрсөтүп, уруш-талашты алдын алууга умтулгула.


money

  • Окууну бүттүңөрбү? Акча табуудан мурда, сапаттуу билим алуу зарыл экенин унутпагыла. Окууну, жумушту жана үй-бүлөнү бирге алып кетүү кыйынга турат.

studying

  • Жашоо тиричиликке даярсыңарбы? Нике – бул кол кармашып сейилдөө, бирге тасма көрүү гана эмес. Бул тиричиликти сүйүү менен алып кетүү. Бекем нике эмоцианалдык жакшы көрүүчүлүк гана эмес, бул жоопкерчиликти жана үй жумуштарын тең бөлүшүү.


skills

Албетте нике сүйүү аркылуу курулат, жана тиричилик көйгөйлөрүн бирге чечүү зарыл. Бирок, никеге аттанардын алдында жакшылып ойлонуп, таразалоо зарыл.

sunset