Мамиле үстүндө иштөө

Сенин оюңча силердин мамилеңер бузулуп баштаса, же аяктоо учурунда турабы? Бирок, сен бекем мамиленин натыйжасы – анын үстүнөн күнүмдүк иштөө экенин унуттуң окшойт. Бул макаладан, cүйүүнү сактоо үчүн кандай принциптерди карманыш керек экендигин билесиң.
Мамиле үстүндө иштөө

Сенин оюңча силердин мамилеңер бузулуп баштаса, же аяктоо учурунда турабы? Бирок, сен бекем мамиленин натыйжасы – анын үстүнөн күнүмдүк иштөө экенин унуттуң окшойт. Бул макаладан, cүйүүнү сактоо үчүн кандай принциптерди карманыш керек экендигин билесиң. Мамиледе болуу, бий сыяктуу, анткени сен ар бир кыймылыңды күн сайын курчутушуңзарыл.


dance_triste
 
Биздин кеңештер, түгөйүң менен шайкештикте болуунун жана компромисс табуунун жолдорун көрсөтөт.

  • Өзүңдү сыйла жана өзүңдүн сезимдериңе ишен. Сага мамиледе ыңайлуу болуусун каласаң, өзүңө ишен.

 

  • Сезимтал бол. Сени кыжаалат кылып жаткан, кубанткан нерселер менен бөлүш. Ар бир кырдаарлды бирге жеңип чыкса болот, ал үчүн сен ал менен жөн гана бөлүшүшүң керек.

 

  • Жоопкерчиликтүү бол. Бир нерсе кылаардан мурда, түгөйүңө жагабы же жакпайбы деп ойлон.

 

  • Жеке мейкиндик. Ооба, бирге убакыт өткөрүү кандай сонун, бирок кээде адам баласы эркиндикти каалайт эмеспи. Досторуң менен жолугуп, баарлашууну унутпа, анткени биз ушул неррсе аркылуу өсүп өнүгөбүз.

 

  • Өзүңдү курмандыкка чалба. Айрыкча, башталгыч этапта сүйгөн адамга жагынуу максатында, өзүбуздү курмандыкка чалабыз. Бирок, мындайды уланта берсе, биз өзүбүз жөнүндө унутуп коюшубуз мүмкүн.

 

 forgive ,e

 

  • Кечиримдүү бол. Түгөйүңдү идеал катары кабыл алба, анткени бардыгыбыз катачылык кетиребиз. Оор кырдаалда, кимдики туура, кимдики ката экенин таптакыр маанисиз. Өз ара колдоо көрсөтүү аябай чоң ролду ойнойт.

 

  • Секс жөнүндө сүйлөшкүлө. Секс жөнүндө сүйлөшүүдөн уялбагыла, анткени бул мамиленин зарыл компоненти. Секс – бул ден-соолукка болгон камкордук, ал үчүн эки тарап тең жоопкерчиликтүү.

​​​​​​​

 

Related Posts:

  1. Нездоровые отношения
  2. Насколько благополучны ваши отношения
  3. Устраивают ли тебя отношения с твоей половинкой?