Жигитке биринчи жолугушууга кантип даярдануу керек?

Биринчи жолугушуу кийинки курулуучу мамилеге чоң тассирин тийгизет, анткени биринчи жолугушуу болочок мамилени чече турган нерсе болуп саналат. Ошондуктан, буга алдын ала даярдануу керек. Биз кыздар арасында сурамжылоо жүргүзүп, сага жардам бере турган 10 кеңеш топтодук.
Жигитке биринчи жолугушууга кантип даярдануу керек?

Жолугушууну планда. Алдын ала жолугушуунун пландап, кайда бараарыңарды, эмне кылаарыңарды божомолдоп кой. Сен шаардагы кызыктуу жайларга алып барып, ал жайлар жөнүндө кызык маек курсаң болот. Эгер аба ырайына байланыштуу сейилдөөгө чыкпасаңар, шаардагы тынч кафе же ресторанга баруу сонун чечим. Ал эми кинотеатрга баруу – жакшы эмес идея, анткени биринчи жолугушууда баарлашып, бири-бириңер жөнүндө көбүрөөк билүү зарыл.

Өз убагында кел. Бул сапат биринчи жолугушууда аябай бааланат, анткени сен кызга өз урматыңды көрсөтө аласың. Эгер мүмкүнчүлүк болсо – гүл белек кылсаң болот, бул кыздыарды кубантпай койбойт.

Көп угуп, аз сүйлө. Адам жаңы эле таанышканда маек ортосунда пауза пайда болушу мүмкүн, эгер мындай учурлардан корксоң – анда кыздга суроо берип, ал жөнүндө көбүрөөк билгенге умтул. Музыка, кино, анын хоббиси жөнүндө сурап, кызыктуу аңгеме куруу жакшы идея. Жөн эле сурап койбостон, чынында берилип кызыгуу артып, баарлаш.

Уюлдук телефонуңду бир азга унут. Жолугушууга чейин баардык жумуштарыңды бүтүрүп, телефонго көп алаксыба, антпесе кызды ыңгайсыз абалда калтырууга коркунуч бар.

Өзүң менен өзүң бол. Жолугушууну калп менен баштаба, өзүң жөнүндө чындыкты гана сүйлө.

Комплимент айт. Кыздын образында сага жаккан бир нерсени байкап кой. Бул – анын көйнөгү, бажырайган көздөрү, же булбулдай болгон үнү болушу мүмкүн. Ал жөнүндө айтсаң, кыз да сага ачылып, силердин мамилеңер позитивдүү нукка бурууларына кепилдик беребиз.

Мурунку кыздарың жөнүндө унут. Сүйлөшүүдө мурунку мамилең тууралуу кеп баштаба жана аларды салыштырба. Эки адамдын ортосунда үчүнчү адамдын болушу биринчи жолугушууда жаман көрүнүш болуп эсептелинет.

Позитивдүү бол. Негативдүү нерселерди айтып берүүдөн алыс бол. Жумушуңда,  же окууңда болгон көйгөйлөр, конфликттер жөнүндө айтып берип арызданба. Ал кыз сени чечкиндүү адам катары көргүсү келет, эгер сен арыздана баштасаң, ал сен менен жолугушууга келгиси келбей калат.

Сүйөм деп айтууга шашпа. Ал кыз сени жактыраарын билип турсаң да, келечек куруп, болочок балдарыңарды пландап, сүйөм деп айтууга шашпа. Кызга убакыт бер.

Жолугушуудан кийин өзүң жөнүндө билдир. Анын үйүнө же аярламага чейин узатып коюу жакшы сапат. Кеткенден кийин СМС жазып же чалып анын абалын сурап кой.

first date_gif2

Түзүүчү – Вертола Светлана.

 

Related Posts:

  1. Как вести себя парню, чтобы его не обвинили в … насилии?
  2. Как улучшить отношения