Сүйүү тилдери: кантип түшүнүүгө болот?

Дүйнө жүзүндө миңден ашык тилдер жана диалектер бар. Албетте, тилди билбей туруп адам менен сүйлөшө албайсың. Сүйүүдө да ушундай, ар бир адам өз тилинде сүйүү сезимдерин билдирет жана кабыл алат. Ал эми, биз бири бирибизди кантип түшүнүшүбүз керек?
Сүйүү тилдери: кантип түшүнүүгө болот?

Окумуштуу жана психолог Гэрри Чепмен сүйүү тилдерин изилдеп чыккан. Анда эмесе, баш баккыла.

 

 Биринчи сүйүү тили. Комлименттер жана мактоолор.

Биринчи тил – бул сөздөр жана анын айтылышы. Мындай адамдар мактоолорду укканды жакшы көргөн адамдар.


84705403
 
Бул адамдарага кылдаттык менен тандалган сүйүү сөздөр – эң сонун белек болуп саналат.
 

 Экинчи сүйүү тили. Убакыт.

Сүйгөн адамыңа арналган өз убакытың болуп саналат. Айрымдарга убакыттан башка эч нерсе кереги жок – жөн гана келип, чогуу убакыт өткөрүү аларга баалуу белек.


alone together

 Үчүнчү сүйүү тили. Белектер жана символдор.

Мындай адамдар белек алууну, жадакалса жөн гана символдук белектерди алууну жактырышат. Ал белектер аркылуу ал сени сүйөт, эстейт же жакындарына мактанат. Сөзсүз түрдө кымбат баалуу белектер – бриллианттар, же шуба болушу зарыл эмес. Алар белек берүүнү да жактырышат, ошондуктан белек алуудан тартынба.


roses

Төртүнчү сүйүү тили. Жардам көрсөтүү. 

Романтик адамдарга мындай адамдар менен достошуу кыйынга турат. Анткени, алар сени аларга жасаган жардамың аркылуу баалашат. Ошондуктан, бузулуп калган компьютерин оңдоп, үйүн тазалап, жардам көрсөтүүгө умтул.


cyrus
 

Бешинчи сүйүү тили. Мээрим.

 

Мындай адамдар менен аябай жеңил. Аларга мээрим көрсөтүп, сыйлап-сыпоо эле жетиштүү.


6104500734_bcd3be627f_o
 

Демек, сенин сүйгөн адамың бар болсо, анда сен ага сүйүүнүн айтып билдирүү жолдорун түшүндүр. Ал эми, сен үчүн чыныгы сүйүү тили кайсы экенин айт. Силердин мамилеңер кайсы этапда болбосун, башкысы экөөңөр өзүңөрдү сүйүктүү сезүү өтө маанилүү болуп саналат.

 

Эгер көбүрөөк билгин келсе Гарри Чепмендин «5 языков любви» китебин оку
 
123700634_w640_h640_pyat_yazykov_l__hepmen_001
 

 

Related Posts:

  1. Конец любви?