Сүйгөн кызыңа арналган ТОП 5 жаңы жылдык белек

Сүйгөн кызың үчүн белек тандоо өтө жоопкерчиликтүү жана маанилүү иш, ал эми силер жаңы эле сүйлөшүп баштасаңар, белек тандоо андан бетер кыйынга турат. Бул материал сага жардам берет деген ойдобуз.
Сүйгөн кызыңа арналган ТОП 5 жаңы жылдык белек

1. Эстеликке

Биринчи вариант: Экөөңөрдүн бирге түшкөн сүрөттөрүңөрдү принтерден чыгарып, татынакай рамка тандап белек кылуу.

Экинчи вариант: Сүйгөн кызыңды романтикалуу жолугушууга чакыр да, фотосессия уюштурууну сунуш кыл. Өзүң же болбосо досуңду фотограф болууга өтүн. Бул күн эстен кеткис күн болооруна ишенип кой.

2. Таттуу жашоо

Шоколад, жана ар кандай таттуулардан эмне артык болсун? Алдын ала киного, театрга же башка жака билет сатып ал, бир кутучага силер бара турган багыттарды жазып чык. Ал эмне кылаарыңарды тандаса, сен ошол убадаларды аткарган сыйкырчы болосуң.

Подарок девушке-1

3. Күтүлбөгөн окуя квести

Экөөңөр сейилдеген же көп убакыт өткөргөн жерлерден маршрут түз. Бул силердин биринчи жолугушууңар өткөн жер, же силерге маанилүү болгон багыт болушу мүмкүн. Ар бир жерге кеңешме таштап, аны финишке чейин жеткирүүгө аракет жаса. Ал эми финиште күтүлбөгөн сюприз жаса – бул шам жагып отуруу же асман шамдарын учтуруу болушу мүмкүн.

4. Эгер сүйгөн кызың сейилдөөнү, же башка активдүү убакыт өткөрүүнү жактырбаса, анда ага чоң плед, кружка жана кофе белек кылсаң болот. Бул ага карата көрсөтүлгөн камкордук болуп эсептелинет.

Подарок девушке-2

Сүрөттөр үчүн бул булакка рахмат.

Макаланы түзгөн  — Вертола Светлана.

Related Posts:

  1. А подарю-ка я ему…
  2. Как вести себя парню, чтобы его не обвинили в … насилии?
  3. Устраивают ли тебя отношения с твоей половинкой?
  4. Как порадовать близкого человека просто так, без повода