Сүйгөнүңө арналган Жаңы Жылга карата белек

Жылдын акыркы күндөрү – жомок! Жакын адамдарыңа белек берип, аларды кубантуу сонун да. Жаңы жылдын жакындашы менен белек тандоо убарасы келет. Айрыкча түгөйүң үчүн белек тандоо кыйынга турат. Бирок, биз унутулгус белекти тандоодого сага жардам беребиз.
Сүйгөнүңө арналган Жаңы Жылга карата белек

Кагаздан жасалган Джин

Бул белек үчүн, сен жөн гана анын хоббиси жөнүндө билүүң зарыл. Балким, ал футбол ойногонго кызыгат, же парашюттан секирүүнү кыялданып жүрөт. Мындай белек үчүн кагаз менен калем керек болот. Кагаздын бетине анын каалоолорун жазып, сен аларды качан аткара тургандыгыңы жазып, белек кыл.

А подарю-ка я ему-1

Сүйүүңөрдүн тарыхы

Экөөң жакында гана жолугуша баштаганга карабастан, кызык учурлар башыңардан өткөн деп ишенебиз. Бул белекти жасоо оппоңой. Экөөң бирге түшкөн сүрөттөрдү чогултуп, аларды кооздоп катуу дептерге чапта. Сүрөттөрдүн алдына экөөң өткөргөн убакыттар жөнүндө жаз, же болбосо мурун айталбай жүргөн сезимдериңди ачыкка чыгарып жаз.

Окшош кийимдер

Эгер убакыт аз болсо, анда – окшош кийим сатып ал. Кийимден башка окшош аксессурлар, кулондор бар. Бул мода Түштүк Корея жана Япония өлкөлөрүнөн келген.

Сүйүү жана жылуулук

Эң мыкты белек – өз колуң менен жасалган белек. Ошондуктан, өз күчүңдү жумшап, өзгөчө белек тартуулаганга аракет кыл. Эгер сен тигүүгө кызыксаң, түгөйүңө байпак же башка жылуу кийим токуп бер. Дүкөндөн сатылып алынган белек болсо да, аны сен чын дилиңден бер.

kholodno

Унутулгус моменттерди тартуула

Бир дагы белек бирге өткөргөн убакытка теңешпейт. Бирге катышууга кайсы жерде, кандай кызыктуу семинарлар жана иш-аракеттер болоорун бил да, аны ошол жака чакыр. Бул жыпар жыттуу шамдар түзүү боюнча курс, тамак-аш жасоо, чопо-чоор мастер-классы болушу мүмкүн. Башкы нерсе – экөөңө тең жаккан нерсени тандап алуу.

Бул белек идеяларын сактап, сыйкырдуу майрамга карата сонун белек тартуула!

Сүрөттөр үчүн бул булакка рахмат

Макаланы түзгөн — Вертола Светлана.

Related Posts:

  1. Как порадовать близкого человека просто так, без повода
  2. Как улучшить отношения
  3. Родители против отношений. Как быть?
  4. Конец любви?