Себепсиз белектер

Кээде жакшы көргөн адамыңа жагымдуу сюрприз тартуулап, ага болгон жылуу сезимдериңди эске салгың келет. Биз чоң каржылык чыгымдарды талап кылбай турган, чыгармачыл белек идеяларын чогулттук. Жөнөкөй жана сонун – баары биз жактыргандай.
Себепсиз белектер

1. Маленький сюрприз 

Киндер сюрприз сыяктуу ар кандай кичинкекей нерселерди балачактан бери жактырабыз. Бирок киндер сюрпризди берүүдө сен гана аны өзгөчө кыла аласың. Жумуртканын ичинде бекитилген белектин ордуна сен өзүңдүн белегиңди салып койсоң болот.

big present

 

2. 100 себеп... 

Кичинекей кагаздарды кыркып алып, ошол кагаздарга ал адамды эмне үчүн сүйөөрүңдү жазып чык. Ал кагаздарды ороп, кутучуга салып белек кылсаң болот. Бул сюрприз анын маанайын ар дайым окууган сайын көтөрүп турат.

 

3. Жакшы күндөрдөн бир элес

Эстен кеткис күндөрдү кайра эскерип ошол жөнүндө жазуу да сонун идея. Бул силердин алгачкы жолугушууңар, таанышкан күнүңөр, же биринчи өбүшүүңөр болушу мүмкүн. Анан да экөөңөрдүн сүрөтүңөрдү чыгарып алып, анын аркасына ошол күн жөнүндө жазсаң болот.

you're my sunshine

 

4. Сырдуу шарлар

Шар өзү сонун белек болуп саналат, бирок шарлардын ичине комплимент жазып анан үйлөп берүү өтө оригиналдуу идея.

balloonns

 

5. Унутулгус коллаж 

Жыгач такта жана ватман ал. Сүрөткө ыңгайлуу кылып фон жаса. Дубалга илип, экөөңөрдүн сүрөтүңөрдү чаптап кой. Мындай белек ар дайым жаңы сүрөттөр менен толукталып турат.

giphy (6)

 

Бул белектерди сүйгөн адамыңа гана тартуулабастан, досторуңа, ата-энеңе белек катары берсең болот.


 

Сүрөттөр үчүн бул булакка рахмат.

Related Posts:

  1. Өз түгөйүңдү чынында эле тапкандын беш билгиси