Ата-энем экөөбүздүн мамилебизге каршы. Эмне кылуу керек?

Жашоодо ар кандай кыйынчылыктар болот. Алардын бири ата-энең сүйгөнүң экөөңөдүн мамилеңерге каршы болушу. Каршы болуштун себеби ар кандай. Бул учурда, кандай болуш керек? Биздин макаладан окуу.
Ата-энем экөөбүздүн мамилебизге каршы. Эмне кылуу керек?

Биринчиден, ата-энең эмне үчүн каршы экенин жана себебин билүү зарыл.

Мээримдүү курак

Ата-эне үчүн сен 50 жашка чыксаң да, жаш бала сыяктуусуң. Ал эми, сен азыр 14-15 жашта болсоң жана өмүрлүк жарымды жолуктурдум дка айтсаң, албетте ар бир ата-эне мындай кадамдын олутту эмес экенин, сен али жашсың деген себептерди айтып каршы чыгат.

Чечүү жолдору: Сен чоң адам сыңары чечим чыгарууга жана ойлонууга даяр экениңди далилде. Мисалы, жолугушуудан мынча саата келем деп сөз берсең, сөзүңө тур да, аны аткар. Жолугушуу учурунда алардан кабар алганча, аларга бат-бат чалып тур. Мындан сырткары, үй иштерине жардам берип, окууңду да улантып – жакшы көрсөткүчтөргө ээ болгонго аракет кыл. Бул сенин жоопкерчиликтүүлүгүңдү көрсөтөт жана сага сенин жакындарың ишенич артып калат.

 

Чоң айырмачылык 

Көп чүлүк ата-энелер курактагы чоң айырмачылыкка анчалык ишенич артышпайт. Мунун биринчи себеби – коркунуч. Эгер сенин түгөйүң өзүңөн бир топ жаш улуу болсо, анда сени анын таасиринде эртелеп жыныстык жашоону баштайт – деп ойлошот.

Чечүү жолдору: Ата-энеңе алар алигиче сага авторитет экенин көрсөт. Эгер алар сенин сүйгөн адамың менен тааныша элек болсо, тааныштыр. Алардын ой-пикири сен үчүн өтө маанилүү экенин айтып, жана алар сүйгөнүң жөнүндө көбүрөөк билүүсүн каалай турганыңды айт.

Родители 3

Потенциал жөнүндө:

Ата-энеңди сенин сүйгөн адамыңдын билиминин жоктугу, же башка ушул сыяктуу себептерди айтып, ал сага түгөй эмес деп такыр макул болбошу мүмкүн.

Чечүү жолдору: Бул учурда, сен ал адамды чынында эле жакшы көрөөрүңдү жана анын күчүнө ишенээриңди айт. Белгилүү адамдарды мисалга келтирип, бай үй-бүлөдөн чыкпаса да, кийин ийгиликтүү карьера курган адамдар жөнүндө кеп башта. Сүйгөн адамыңдын инсандык сапаттарын баалаганыңды, анын өсүп өнүгүшнө ишенээриңди белгилеп кой. Ал эми, сенин сөздөрүңдү куру сөз кылбастан, сүйгөнүң аны дадилдөөгө аракет жасоосу керек.

Кайтарылбас пункт:

Эгер ата-энең менен түйгөйүңдүн ортосунда уруш чыкса, багынууга шашпа. Биринчиден, уруштун себептерин билүүгө аракет жаса.

Родители 2

Эгер абал оорлошуп, ата-энең сени такыр үйдөн койо бербей жатса, өзүндү карма жана мындай атуулардан алыс бол:

  • Ата-энеңди шантждап, үйдөн биротоло кетээриңди айтып коркутпа;

  • Алардын жинин келтириш үчүн ар кандай жаман нерселерди жасаба;

  • Ишеничин кетирип, үйдөн качып жолугушууга барба;

  • Эгер сүйгөнүң менен урушуп кетсең, аны ата-энеңе жамандаба. Ал менен сен кайра эле жарашасың, ал эми ата-энең ага болгон көз карашын өзгөртүп жибериши мүмкүн.

Эгер ата-энең менен мамилеңер анча жакшы эмес болсо, сүйгөн адамың менен таныштыруудан мурун, үй-бүлөдөгү мамилени жакшыртуу абзел. Аны кандай кылууну билбей турсаң, анда бул жана бул макалаларды окуу.

Көз-айнекти арчыйбыз

Кээде, адам баласы сүйүүгө кабылганда, сүйгөн адамынын кемчиликтерине көз жумуп коюшат, ал эми ата-эне мындай учурда зор жардам көрсөтөөрү талашсыз. Чоң адамдардын тажрыйбасына ишенген да жакшы, алар экөөңөрдү сырттан карап, мамилеңердин уланышына жана анын келечеги барбы деген суроолорго жооп бере алышы мүмкүн. Алардын кеңештерин угуу абзел, эгер:

  • Сенин сүйгөнүң тамеки колдонуп, алкоголдук суусундуктарды ичсе;
  • Ал өтө кызганчаак болсо, жана көзүңө чөп салса;
  • Бат-бат урушсаңар жана ал сага кол көтөрсө;
  • Жыныстык катнашка барууга мажбурласа.

Мындай мамиле силерди туңгуюкка алып келет, андыктан өз убагында туура чечим чыгар.

Эгер силердин мамилеңер жакшы нукта өсүп жатса, ата-эненин каршылыгын убактылуу тосколдуук катары кабыл ал.

Сүрөттөр үчүн бул булакка рахмат.

Макаланы түзгөн — Вертола Светлана.

 

Related Posts:

  1. Хорошо без отношений! 5 причин
  2. Прекращение отношений
  3. Как улучшить отношения