Гормондордон коркпо

Көп учурда, гормон деген сөздү укканда адамдар гормоналдык дисбаланс менен шартталган ооруларды, же семирүү менен байланыштырат. Бирок, минтип ойлоо туура эмес. Мисалга алсак, гормоналдык бойго бүтүрбөөчү көп дары-дармек бар – бул коопсуз жана далилдүү жол. Алар тууралуу азыр сүйлөшөбүз.
Гормондордон коркпо

Гормоналдык контрацептивдер тууралуу эл арасында терс пикир бар. Көпчүлүктү бул дарылардын терс таасирлери коркутат. Бирок бүгүнкү күндө терс таасирсиз гормоналдык дарылар аябай көп, аларды дарыгер косметикалык жана дарылоо максатында жазып берет. Этек кирдин стабилдештирүү үчүн же болбосо этек кир келгенде ооруну басуу үчүн да колдонулат.

Гормоналдык контрацептивдин түрлөрү:

  • Гормоналдык дарылар
  • Гормоналдык пластырлар
  • Вагиналдык шакекчелер
  • Имплантатылар
  • Инъекциялар

Гормоналдык контрацептивдин негизги максаты – урук клеткасынын жетилүүсүн алдын алуу болуп саналат. Мунун жардамы менен аялдардын овуляция мезгили токтолуп, бойго бүтүүдөн сактап турат. Ал эми, коргоо ыкмалары сыяктуу эле, ал өзүнүн да, оң жана терс жактары бар.

Гормоналдык контрацептивдин негизги максаты – урук клеткасынын жетилүүсүн алдын алуу болуп саналат. Мунун жардамы менен аялдардын овуляция мезгили токтолуп, бойго бүтүүдөн сактап турат. Ал эми, коргоо ыкмалары сыяктуу эле, ал өзүнүн да, оң жана терс жактары бар.

Гормоналдык дарылардын буга чейин этек кири стабилдиштерилген кыздар үчүн экенин эске алуу керек. Таблеткаларды ичип баштагандан кийин,  катуу тартип кармап, дарыгер жазып берген система менен бекем карманышы керек, эгер терс таасирлери бар болсо да, аны жөнгө салуу үчүн организмге убакыт берүү зарыл. Гормоналдык дарыларды колдонуу учурунда катуу спирт ичимдиктерин ичүүгө жана тамеки чегүүгө тыюу салынат. Сен таблеткаларды ичүүнү токтоткондон кийин, овуляция кайрадан башталат.

Кандай гана гормоналдык контрацептивдерди колдонбоо, алардын баары овуляцияга таасирин берет. Ар кандай гормоналдык бойго бүтүрүүчү каражаттардын ортосундагы негизги айырмачылык – аларды пайдалануу боюнча эрежелери жана узактыгы болуп саналат. Алардын кээ бирлерин доктурдун жардамы менен колдонууга болот.

Гормоналдык контрацептивдерди колдонууда сөзсүз түрдө дарыгер менен кеңешүү зарыл. Организмдин, жыныстык жашоонун жана психологиялык өзгөчөлүктөргө карап, ал сага ылайыктуу түрүн тандап берет.

Көңүл бур (!): 16 жашка чейинки кыздарга гормоналдык каражаттарды ичүү сунушталбайт, анткени бул өсүүчү организм болуп саналат. Жана да гормоналдык дарылар жыныстык жол менен берилүүчү жугуштуу ооруларга коргоо эмес экенин унутпа.