Өзүңдү коргоодо тың бол!

Жыныстык жол аркылуу жугуучу ар кандай оорулардан, бойго бүтүүдөн сактанууда презервативдердин ролу чоң. Ошондуктан, аларды чет өлкөлөрдүн гана эмес, биздин Кыргызстандын жарандары да кеңири колдонушаары белгилүү. Презервативдин башкы миссиясы – коргоо.
Өзүңдү коргоодо тың бол!

Контрацептивтердин түрлөрү: гормоналдык, химикалык жана механикалык. Презерватив, ичкиматкалык спираль жана вагиналдык диафрагма механикалык түргө кирет. Ошолордун ичинен колдонууда эң жөнөкөй болуп презерватив саналат. Аны даарыканадан сатып алууга болот. Стандарттык презервативтер латекстен жасалып, эркектин жыныстык оргнанына кийилет.

Презервативдер күчтүү дээңгелде коргонууга жардам берет, бирок, башка механикалык түрлөр менен кошо жүз пайыз бойго бүтүүдөн сактабайт. Ошондуктан, презерватив менен кошо бойго бала болтурбас дарыларды колдонуу жакшы ыкма болуп саналат.

Сапаттуу презервативди кантип тандоо керек?

  • Презервативди дарыканалардан жана текшерүүдөн откөн дүкөндөрдөн сатып алуу абзел.
  • Презервативдердин да жарактуулук мөөнөтү бар, сатып алуудан мурун буга көңүл буруу керек.
  • Презервативдерди салкын, күн тийбеген жерде сактоо керек.
  • Ачып жатканда абайлап ачуу зарыл. Кайчы же башка курч нерселер менен жыртып алуу коркунучу бар.
  • Ар бир презервативдин упаковкасында колдонууга ылаыйк инструкция жазылган.
  • Презервативди бир жолу гана колдонууга болот.
  • Презерватив учуктуу оорулардан сактабайт. Анткени бул ооруулар жыныстык катнашта жукпайт дагы, тери менен өткөн карым-катнашта жугат.

Презервативден башка механикалык түргө кирген котрацептив бул – ичкиматкалык спираль. Бул жогоруда айтылган контрацептивден бир аз татаал, анткени мында дарыгердин жардамы талап кылынат. Спираль бойго бүтүүдөн сактаганы менен, жыныстык катнаш аркылуу жуккан инфекциялардан сактабайт. Айтып кетчү нерсе, эксперттер бул ыкманы төрөй элек кыздарга сунуш кылышбайт.