Баңгизат колдонуу.

Баңгилик – бул көз карансаздыкка бараткан жолдогу эң коркунучтуу тузак. Тамеки жана башка заттарды колдонууга тыюу салынган эмес болсо, ал эми баңгизат колдонуу мыйзам чегинде тыюу салынган. Ошентсе да, жаш өспүрүмдөр чондордун айтканына карабастан баңгизат пайдаланып келишет. Баңгизаттын зыяны жөнүндө сен угуп эле жүрсөң керек, бирок эмне үчүн башка адамдар ден-соолукка зыян алып келишине карабастан, баңгичилик менен алек?
Баңгизат колдонуу.

 

Баңгизаттын тарыхы. Баңгибизнес. Көндүрүү.

  • Ыйык кызмат кылуучулар жана башка бакшылар апийим өсүмдүктөрүнөн дары-дармек жасап жана кудайлар менен диалог түзүү үчүн колдончу.
  • Орто кылымдарда апийим ооруну басуучу дары катары колдонулган.
  • Америка ачылгандан кийин Европага кокаин жалбырактары ташылып, андан кокаин жасоону үйрөнүшкөн.
  • Чыгыштан келген товарлар менен бирге Европага гашиш алып кирилген.

Байыркы кылымдарда баңгизаттын дары катары колдонулбаганына чиркөө каршы болчу. Бирок, ошол заманда баңги чөптөрүнө байлар арасында “мода” пайда болуп, баңгизаттын баардык түрүнө суроо-талап пайда боло баштайт. Баңгибизнесмендерге бул иштин жакшы жүрүшү эле, алар адамдардын кызыгуусунан жана баңгизатты колдонуп көрүүгө кыялдангандардын үстүнөн акча таап башташкан. Ошентип, баңгибизнеси пайда болгон. Кийинчээрек, Кытайда француздар менен британдыктардын ортосунда “апийим” согушу башталган. Алар бул бизнести сактап калуу үчүн мындайга барышкан.

ХХ – кылымдын башында окуумуштулар апийимди химикалык жол менен синтездөөнү үйрөнүшкөн. Бирок, бул медициналык гана иштерге жумшалучуу ачылыш болчу. Мунун тарашына баңги бизнеси жана башка жаштар арасындагы группалар себепкер болгон.

Чындык чындык бойдон калууда. Баңгизат колдонуу көндүрүү жаратып, адамды көз каранды кылат.

Үзгүлтүксүз колдонуу көз каранды кылат, кээбир баңгизаттар биринчи колдонуудан кийин көндүрүүнү жаратат. Биринчиден, психикалык көндүрүү жаралат – бул кийинки дозасын алып ичүү, дээрлик эбегейсиз каалоо. Ал эми жакын арада бул көрүнүш физиологиялык болуп калат – мында адамдын организми баңгизатсыз иштебей калат. Мындай абалды “ломка” деп айтышат. Дарыгерсиз мындай абалдан чыгуу өтө оор, кезектеги доза абалды жакшыртпай, тескрисинче курчутат.

“Мен өзүм каалаган учурда гана колдоном”, “каалаган учурда таштайм” - ушул сыяктуу убадалар баңгизат менен иштебейт. Баңгиге көнүп калган организм, дозаны кайра кайра талап кылып баштайт. Организм дозага муктаж болгон сайын, баңгибизнесиндеги адамдардын чөнтөгү акчага толо баштайт.

Жоготуулар жөнүндө.

Акырындык менен баңгизат мээге терс таасирин тийгизет: акылдан кетирип, эс тутум начарлайт, натыйжасында адамды сындырып, өлүмгө алып келет.

Барган сайын адам колдонгон дозасын көбөйтүп кете берет. Көпчүлүк учурларда, “передозировка” деген диагноздон адам өмүрү кыйылыт.

Биздин айтаарыбыз, сен эркиндикке умтулган болсоң анда баңгизаттан алыс жүр.