Жөндүү көз караш.

Эгер сенин досторуңдун арасында ичимдик ичүү кадимкидей эле нерсе болсо, алардын ичинде «ак карга» болуп өзгөчөлөнүп тургуң келбесе керек. Ал эми, адамдар ичимдикти ичпөөнүн ар кандай жолдорун табышкан.
Жөндүү көз караш.

Ичимдик деген сөздү укканда баарыбыз эле той, майрам, шайыр-шаттуу музыка эске келет. Ал эми «аракеч» деген сөздү укканда, терс көрүнүштөгү персонаж эске келет. Ичимдикти жөн гана эс алуу катары колдонуп жүрүп, натыйжасында аракеч болуп кетүү аябай тез.

Алкогол деген эмне?

Алкогол ар кайсы дан эгиндерден (буудай, арпа) келип чыккан ичимдик. Натыйжада, алкогол – табигый продукт болуп эсептелинет. Бирок, эмне үчүн ичимдик ичүү ден-соолукка залал экендиги айтылып келет? Ооба, ичимдик ичүүгө тыюу салынган эмес: биздин коомдо спирт ичимдиктерине оң көз карашта. Ошентсе да, табигый продукт болгонуна карабастан, ичкилик кырсыктуу иштерге алып келиши мүмкүн.

Мас болуунун үч даражасы болот: жеңил, орто жана оор. 
Жеңил мас болууда адамдын көңүлү көтөрүлүп, баарлашкысы келип калат. Бирок, адам концентрациясын жоготуп, тэскерисинче, мүмкүнчүлүктөрү ашып баштайт. 
Орто мас болууда, ак көңүлдүүлүк
агресивдүү жүрүм-турумга алмашып, мушташуулар башталат. Эгерде, мындайды токтотуп калбаса, натыйжасы жаман иштер менен бүтөт.

Оор мас болууда бардык физиологиялык жана психикалык процесстер өзгөрөт. Ичкилик өлчөмү көбөйгөн сайын адам өзүн башкара албай, кырдаалга баа бере албай калат, анын абалы өзгөрүп, көп учурда жинденип, кыжырланат же маанайы пас тартып, көңүлү чөгөт. Ушундай абалда мас киши антисоциалдык кылыктарды, зомбулук мүнөзүндөгү кылмыштарды (ээн баштык, зордуктоо, киши өлтүрүү, өзүн өзү өлтүрүү жана башкаларды) жасайт.

Спирт ичимдигине ар бир адам туруштук бере албайт. Өзгөчө кош бойлуу аялдар, өспүрүмдөр, айдоочулар, ар кандай өнөкөт оорулары бар адамдар алколог ичүүдөн баш тартышы зарыл.
Жаш организмдин алкголого туруштук бере албастыгын да айтып кетиш керек, ичимдик ичип баштагандан кийин организм көнүп калууга чоң ыктымал бар.                                                                    

Этанол жана этил спирти 25 жашка чейинки организмге чоң таасирин тийгизип, мээге орду толгус зыян келтирет. Натыйжада, окутуу, эмоцияга жооп берген функиялар, ошондой эле жалпы өнүгүү үчүн жооп берген механизмдер бузулат. Адам канчалык эрте ичип баштаса, ошончолук зыян алып келет да, бара-бара көнүп калуу пайда болот.

 

Мына бул кесепеттер спирт ичимдигин колдонууда чыгып келет:                                                                                                        
- Ден-соолукка зыян тийгизүү
- Өзүн контролдоо төмөндөйт
- Окуудагы жаман баалар
- Көнүп калуу жана аракечке айлануу

 

Мифтер жана уламыштар.

Спирт ичимдиги стресс, депрессия жана башка оорулар менен күрөшүүгө жардам берет деген жаңылыштыкатар арбын. Бирок, андай эмес. Алкогол ошол көйгөйлөрдү аз убакытка унутканга гана жардам берет. Ичимдик ичкендин ордуна сени кыжалат кылып жаткан көйгөйлөрдү чечкенге аракетиңди жумша.

Эгер айланаңдагы адамдар ичсе, сен кантип алкоголдон алыс болушуң керек?

Мына бул ыкмалар спирт ичимдиктерин ичпөөдөн качуу амалдары:
- Жөн гана ичпейм деп жооп берүү
- Алкоголсуз ичимдиктерди ичүү
- Дарыланып жатам деп айтуу
- Спирт ичимдиктери ичилип жаткан жерден кетип калуу