Сындоого туура мамиле көрсөтүүнүн сегиз ыкмасы.

Сын жана кемсинткен сөздөрдү күн сайын угабыз, жана көп учурда – буга даяр эмес болобуз. Бирок, бул сөздөргө татыктуу жооп берүүнүн ыкмалары бар. Биз психологдун сунуштарын пайдаланып көрөлү.
Сындоого туура мамиле көрсөтүүнүн сегиз ыкмасы.

Жаш курак – ар кандай эксперименттердин курагы, бул кезде өзүңдү издеп, турмушка койгон максаттарды аткарууга аттанабыз. Бул оор куракта сындоо жана критикага кабылбай койбойбуз - алардан кантип арылуу керек? Бул макалага көз сал.

Жакын адамдардын, айрыкча ата-эненин сыны аябай оор кабыл алынат. Ааламдан бекинүү үчүн үйгө качат эмеспизби. Ал эми жакын туугандарың сындап, критикалап туруп, муну сени жакшы көргөндүгү үчүн айтып жатканын айтат. Сени мактоонун ордуна, сын айтып жатса – мындан да оор келет. 

Мындай сын, критикадан коргоонуунун ыкмалары бар. Эмкиде айланаңдагы адамдардын сынына кабыла турган болсоң – бул кеңештерди колдонууну унутпа.

  1. Түшүнүүгө аракет кыл.

Башкаларды критикалаган адам көп учурда ызага толгон адам болуп чыгат. Сага эмне үчүн сын сөздөрдү айтканын билбей жатсаң, ал адамадан сурап көрүүгө аракет кыл.

Мисалы: кафедеги официант сени жактырбаганы үчүн орой мамиле жасабайт – аны жөн гана сага чейин жакын адамы таарынтып койгон болот. Башкаларды түшүнүү менен гана гормониялуу жашоо сүрө алабыз.

2.Сага айтылган сөздү анализдөө.

Сени ызалантчу сөздү укканда, өзүңдү курмандыкка чалба. Толкунданбай, өзүңдү тегиз алып жүр.

3.Таарынтычуу адамдын бетине кара.

Сөгүүгө каршы туруу жеңил эмес. Бул учурда, тартынбастык жардам берет. Мисалы, бул маселеде терс критиканы минтип жеңилдетсе болот: "мени таарынтуунун эмне кереги бар?" же болбосо, "сен бул сөздөрдү кантип кабыл алынаарын тушүнүп жатасыңбы?"

4.Тамашакөй бол.

Сынга эң мыкты каршылык көрсөтүү – бул тамаша. Күлүп жоп берүү же курч тамаша айтып бул абалдан чыгып кетсе болот.

5.Белги ойлоп тап.

Бир киши дайыма жубайын элдин көзүнчө сындай берчү экен. Ал сындап баштаганда, аялы жоолук менен бетин бекитчү болуптур. Мындан уялган киши, ал жаман адаттан арылган экен.

6.Каршы чыкпа.

Критикада каршы чыкпай, критик менен макул болгонго аракет кыл. Сенин макулдугуң критиктин оозун ачырбай коет.

7.Көңүлдөнбөө.

Критиканы угуп кой, бирок аны ойго алба. Кечиримдүүлүк – эң сонун сапат, бул сага жашоодо кайгы капасыз жашоого шарт түзөт. Критик сени сындап баштаганда, көңүл бурбай койсоң, ал өзү эле үндөбөй калат.

8.Таарынчак болбо.

Толугу менен сыноолордон арыла албайсың, ошондуктан унутчаак болуу да жардам берет. Мүмкүн ал адам ойлобой сүйлөп койгондур, дайыма сындан коргонуп жүрүү көп күчтү талап кылат. Бул учурда сөздөргө капа болбой, тескерисинче аларды унут жана кое бер.

Дүйнөдө өздөрүнө ишенич артпаган адамдар арбын. Аларга капа болбо. Аларга кулак салбасаң, сен маанайыңды да бузбайсың, согушууга убакыт коротпойсуң жана жашооңду кубанычтуу сүргөңгө кадам таштайсың.