Өзүнө ишенбеген адамдардын тогуз катасы.

Өзүнө ишенбегендиктин негизинде себепсиз коркунуч жатат, ал адамды бактылуу болуусуна жол бербейт жана ар дайым аны токтотуп турат. Бул катачылктарды сен кетирбей жатасыңбы? Текшерип көр, эгер – катачылык бар болсо, анда ал менен кандай күрөшүүнү бул макаладан үйрөн.
Өзүнө ишенбеген адамдардын тогуз катасы.

Өз ишинде психологгдор жана адамдар бул фразаны көп колдонушат “ал өзүнө ишенбегендиктин натыйжасы, өзүңө өзүң баа берүүнү үйрөн керек”. Кээде бул жөн гана – шылтоо, алар көйгөйдү чечүүнү каалабагандыктан, ушундай деп да айтып коюшу мүмкүн.

Бирок кээ бир адамдардын көйгөйлөрү жана бактысыз жашоосунун себеби так дайыма өзүн-өзү ишенбегендиги, өзүнүн жөндөмдүлүгү жөнүндө шек саноосу.

Өзүнө ишенбегендиктин себеби – коркунуч. Бул себепсиз жана логикага жатпаган коркунуч болушу мүмкүн, алар сени – ар кандай чечим кабыл алуулардан токтотуп, сенин бактылуу жашоо сүрүшүңө тоскоол болот.

Анда эмес, өзүңдү текшер:

1.Өзүнө ишеними жок адамдар ар кандай жаңы баштоолордон баш тартышат.

Ушул себептин айынан, алар жашоодо эмне менен алек болоорун билишпейт. Бирок, аны билүүнүн бир гана ыкмасы бар – ал изденүү.

Сен үйрөнөсүң, окуйсуң, аракет кыласың жана жыйынтык чыгарасың – бул жашоонун маңызы. Өзүнө ишенбеген адамдар ар кандай баштоолордон өздөрүн токтотуп турушат. Бирок көп шек саноо, жагымдуу жашоого болгон тоскоолдук.

2.Адамдар эмне дейт деген девиз менен жашоо.

Адам өзүнө өзү ишенбесе, ошол ишенбестик анын ою-жүгүртүүсүнө таасирин тийгизет. Ал сынга алынуудан коркот жана башка адамдар ал жөнүндө эмне деп ойлоп калат деген ойлор менен жашайт.

Адамдар менен мамиле түзүүдөн коркпош керек, анткени адамдар башка бирөөнү сындап үйрөнгөн, бул табигый нерсе. Бирок, эмнеге бул суроо сени тынчсыздантырат? Эчким идеалдуу эмес. Ал эми сенин кемчиликтериң – мамиле түзөөрдө эчкандай таасирин тийгизбейт.

3.Өзүнө ишенбеген адамдар жаңы таанышуулардан качат.

Адамдар менен мамиле түзүү – жашообуздун маанилүү бөлүгү. Байланышуу, жана адамдар биздин жашообузга таасир эткендей эле, биз да алардын жашоосуна таасир этебиз. Албетте, өзүнө ишенбеген адамдардын достору бар, бирок алар өздөрү жакшы дос эмес. Ишенбестик көп нерселерди жасоодо жана мамиле түзүүдө тоскоол болот.

4.Ийгиликке жетээрде алар максималдуу күч аракетин жумшабайт, анткени ага жетүүгө көзү жетпейт.

Биз нерселердин маанилүүлүгүн жана баалуулугун аныктайбыз, жана өз жашообузду өзүбүз гана тандайбыз. Башка жагынан алганда, канчалык тырмышып, күч аракет жумшасак, ошончолук анын үзүрүн көрөбүз. Ошондуктан, жоопкерчиликтен качпай, бир нерсе кылууга аракеттен.

5.Ишенбестик адамды өзү менен өзү болууга жол бербейт – алар четте болууну каалашат.

Эгер сен өзүңө ишенсең, анда сен коомдон четтенүүнү каалабайсың. Эгер, тескерисинче болсо, анда адамдар башка адам болумуш болуп анткорлонгон жүрүм турумга ээ болууну адатка айлантырат. Алар өз кемчилигин көрсөтпөө амалында, мындай кадамдарга барышат.

6.Алар чыныгы өзүн таба алышпайт.

Адамдардын көбү өзүн-өзү жакшы билбейт, анткени алар өзүн изилдөөгө жана өзү жөнүндө маалымат алууга жетиштүү убакыт бөлбөйт. Бирок өзүн өзү билүүнүн бир гана жолу бар – жашоодогу ички жана тышкы болуп жаткан нерселерге байкоо салуу. Кээ бир жагдайларда, сага эмне жакканын жана эмне жакпаганын экенин билүү зарыл, анын карап, дүйнөнү изилдеп, жана ал жерде ордуңдү табууга аракет кыл.

7.Алар өздөрүнүн жагымдуулугун жана уникалдуулугун танат.

Ар бир адам уникалдуу, бул факт. Сенин кемчиликтериң барбы? Жадакаласа эң белгилүү, сулуу адамдардын да кемчиликтери табылат. Бул нормалдуу көрүнүш.

8.Алар мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарышат.

Жашоо сунуш кылган мүмкүнчүлүктөрдү алар ишенбестиктин айынан колдон учурушат. Алар аз жасашат, бирок көп тынчсызданышат. Сенин тапшырмаң –мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп калуу.


9.Мамиле түзүүдө – чынчыл эмес.

Мамиле тузүүдө эки жак тең бири-бири менен чын болууга милдетүү, бул үчүн адам өзү менен чынчыл болууну үйрөнүшү зарыл. Ишенбестик мамиле ортосунда пайда болот жана ашыкча стресс жаратат. Ошондуктан, инсан катары өсөм десең чынчыл болууга аракет жумша.

Сен бул кемчиликтерди өзүңдө байкадыңбы, же досторуңда барбы?

Ишенбестикти жеңүүнүн бир гана ыкмасы бар – ал коркунучту чыдап, башыңан өткөрүү.

Ошондуктан...

  • Жаңы таанышуулардан качпа, тескерисинче таанышып, адамдар жөнүндө билүүнү, баарлашыну адатка айлантыр.
  • Өзүң жөнүндө чын сүйлө, анткени адамдар ачык жана чынчыл адамдарды жактырышат.
  • Дүйнөнү билүүгө умтул, жаңы нерселерди байкап көр жана тартынчаак болбо.
  • Жыйынтык чыгарып, кайра баштан баштоодон коркпо.

Башында кыйын болушу мүмкүн, бирок кийинчерээк ийгиликтин даамын таткан соң токтотууга мүмкүн эмес болуп калат. Ийгилик коштосун!