Интернетте жашоонун он эрежеси.

Биз интернетке күндө киребиз, жана анда катылган сырларды баарын билебиз. Бирок, сайттарды аралап жүрүп, маанилүү нерселерге көңүл бурбайбыз...
Интернетте жашоонун он эрежеси.

Мурун адамзат интернетсиз кантип жашаган экен? Анткени интернетте баардык нерсени издеп тапса болот эмеспи, сүйүктүү музыкадан баштап үй тапшырманын жоопторуна чейин. Интернет вирус, спам жана хакердик атакалар жөнүндө уктуң беле? Бирок, булар менин башыма түшпөйт деп жатсаң, адашасың.

Компьютеринди, интернеттеги баракчаңды сактоо үчүн биз он эреже түзүүгөө аракет жумшадык, анда эмесе кеттик.

2.Сенин сыр сөзүң – сенин информацияңдын коргоочусу, аны жашырын карма.

Сыр сөзүңдү жакын досторуңа же тааныштарыңа бере көрбө. Аны тез-тез алмаштырып турууга аракет кыл, мында сөздөрдү, цифраларды жана символдорду колдон. Анткени, азыр көпчүлүк программалар аркылуу сыр сөздү билип алууга шарт бар, андан кийин сенин аккаунтуңду өз максатында колдонушу мүмкүн. Мисалы, жарнама максатында. Сенин баракчаңды бузуп алуудан кийин сенин досторуңа жана тааныштарыңа ар кандай ссылкага өтүүчү каттар келет, муну түшүнбөгөн досторуң сени күнөөлөшү мүмкүн.

3.Спамдарга ишенбе жана аларга жооп бербе.

Чоочун адамдардан келген каттарды, ссылкаларды ачпоого аракет жаса. Тааныш адамдардан гана каттарды алуу үчүн баракчаңдагы тескөөгө кирип, тууралап алуу жеңил, ошондо спам жана ашыкча каттарды албай каласың.

 

А сен билесиңби?

Спам деген сөз 1936-жылы пайда болгон – ушундай маркада америкалык компания ачуу эт консервасын чыгарган. Консерваларды сатуу максатында алар тажатма жарнамаларды берип баштаган, кийинчерээк бул бренд жадатманын символу болуп кала берген. 1986-жылы, Usenet Newsgroups бир жаңы каржылык пирамида түрүндөгү жарыяда Дэйв Родес аттуу киши окшош жарнамаларды ар кимге жөнөтүп баштаган. Кимдир бирөө бул жарнама менен консерва жарнамасын салыштырган, ошондон кийин спам сөзү пайда болгон.

4.Компьютериңе антивирус орнотуп ал.

Бул сени компьютериңди жана соцтармактагы баракчаларыңды күтүүсүз келген каттардан коргойт. Эгер сен чоочун адамдан кат жана файлдарды алсаң антивирустун жардамы менен текшерүүгө аракет кыл. Сага күмөндүү көрүнгөн каттарды, файлдарды жана сүрөттөрдүү ачпай, жоготуп жибер.

5.Интернеттеги баардык сайттарга ишене бербеш керек. Сайт мыкты жана кооз көрүнүшү мүмкүн, бирок ал так жана текшерилбеген маалыматтардан коргоодо кепилдигин бербейт. Жаркыраган жарнама жана башка жарнактары бар сайттар өзгөчө жалган маалыматтарга бай экенидиги белгиленген.

6.Ачык билдирүүлөрдөн этият бол.

Жеке маалыматтарды жакын адамың менен сүйлөшүүдө гана билдире алсаң болот, ал эми ачык айтуулардан алыс бол. Бейтааныш адамдын сен жөнүндө жеке маалыматты билүүсүн каалабасаң, анда ооз ачпа.

Эгер сен соцтармактагы баракчаңды күндөлүк катары колдонуп, ал жакты чыгармачылыгың жана жеке маалымат менен бөлүшө турган болсоң, анда башкаларга чектөө коюууну унутпа. Адамдардын мындайга реакциясы ар кандай болушу ыктымал: сенин ачык айтууларың кийинчерээк сени башкарууга мүмкүнчүлүк берет, же аноним колдонуучулар мазактоого мүмкүнчүлүк алат.

7.Аңгемелешип отурган кишини көрбөсөң да, онлайн жазышуу бетме-бет сүйлөшүүдөй болуп эсептелинет.

Чыныгы жашоодо айталбаган сөздөрдү интернетте да айтпа. Айыптоо, орой мамиле жана сөгүнүү сөздөрдү интернетте да жазганга болбойт. Ал адам сенин жиниңе тийип жатса да, сен аны блокко киргизип, каттарын өчүрүп көңүл бурбай коюууга акың бар. Ал жанагы троль болуп чыгышы да мүмкүн, алардын биринчи максаты – сени мазактоо жана ачууңду келтирүү.

8.Соцтармактардагы досторуң – көпчүлүгү сенин реалдуу жашоодогу досторуң.

Албетте сени досторуңдун достору менен да достошо аласың. Бирок кээде чоочун адамдардан да достошууга таламдар келет. Достошууда сенин баракчаңда болгон жеке маалыматка алар да ээ болот, ошондуктан достошородон мурун ойлонуп иш кыл.

9.Виртуалдык таанышуудан кийин жолугушууга шашпа.

Ал адам канчалык ынак, көрүнүктүү көрүнсө да, ал менен жолугушууга барууга шашпа. Интернеттеги адам башка маалыматтарды өзүнүкү катары чыгарып, сени торго салышы мүмкүн. Ал эми ал жолугушууга өз айтканынан кайтпай, чакырып жатса ойлонууга себеп.

Дагы деле виртуалдык дос менен таанышкың келип жатабы?

Анда күндүз учурунда жана эл чогулган жерде жолугушууну дайында. Досум же жакын адамым менен келем деп эскертип көр, жана анын реакциясын байка. Эгер ал чынында эле өзү айтып жаткан адам болсо, мындай сунушка жакшы карайт. Ал эми ал баш тартса же мазактаса жолугушууну болтурба.

10.Чоочун киши сен мен интимдик тема баштаса, ал менен сүйлөшүүгө шашпа.

Интернеттеги адамдын кандай экенин байкоо аябай оор. Эгер чоочун адам сен менен сексуалдык темаларга сөз баштаса – ал менен байланашты үзүүгө шашыл.