Жакшы достун он бир жөндөмдүлүгү.

Канча жолу адам менен достошпой калган кырдаалга туш болдуңар эле? Кызык, бирок факт экен. Баардык адамдар менен дос болуу мүмкүн эмес турбайбы..
Жакшы достун он бир жөндөмдүлүгү.

Кан дос болуу, бул кандай?

  1. Ар дайым жаңы таанышууларга жана адамдарга ачык бол – жаңы адамдар жөнүндө таянак чыгарууга шашпа. Алардын маанайына, келбетине, эмоциясына карап жыйынтык чыгарып коюуу мүмкүн, бирок бул нерслер турукусуз экенине көнүл буруу зарыл. Жаңы адамдарга ачылууга мүмкүнчүлүк бергиле – бул достуктун башталышы. Бирок, эски досторду да унутпагыла.
  2. Досторуңарды сыйлагыла. Камкор, ак көңүл болуу – эң сонун сапаттар, булар сага эки эсе кайрылып келет.
  3. Сен мага досуңду көрсөт, мен сенин ким экениңди айтып берем – бул макал жөнөкөй болсо да, аябай чын макал. Биз дос тандоодо, бизге таасир эткен адамдарды тандайбыз. Дос тандоодо жакшы сапаттарга көңүл буруу зарыл. Ал дос менен биз кыйынчылыктарды жеңүүгө, позтивдүү маанайда жүрүүгө умтулабыз. Ошондуктан, ушундай досту табууга аракет жумшоо зарыл.
  4. Кое берүү. Кээде тажрыйба жана убакытка карабай достук бүтүп калышы мүмкүн. Бул учурда, кыжаалат болбой, ал адамда коё берүү зарыл.
  5. Колдоо – достуктун фундаменти. Досторуңарды ар бир учурда колдоого аракет кылгыла. Колдоо досторду жакын гана кылбастан, достукту да бекемдейт.
  6. Эчким идеалдуу эмес. Ар бир адам – уникалдуу. Алардын оң жана терс сапаттары бар эмеспи. Ошондуктан, ал сапаттарды кабыл алууга даяр болуш керек. Эгер адам чын эле силерге маанилүү болсо жакпаган адаттарына көнүүгө аракет жумшоо зарыл. Аткени бири-бирин кабыл алуу – достуктун бекемдиги.
  7. Кечирүү. Кээде жакын адамдар да көңүлүбүздү оорутуп коюушу мүмкүн. Таарыну сезимдери көпкө бизди таштабай жүрө бериши мүмкүн жана ар кандай ооруларды жаратышы . Ошондуктан, кечиримдүү болууга аракет кылыш керек.
  8. Кан дос – жүз достон артык. Досторду табууда санына эмес, сапатына карап иш кылыш керек.
  9. Угуу жана жанында болуу – достукта эң керек нерсе. Кээде кеңеш берүүнүн ордуна, дос менен жөн гана убакыт өткөрүү кандай сонун.
  10. Сен өзүңө каалаган нерселерди, досуңа жаса. Досторго талапты катту коебуз, бирок өзүбүз талапка жооп бербейбиз. Ар бир мамиле сыяктуу, достукта да – алыш бериш деген түшүнүк бар.
  11. Жакпаган нерсени бетке айтуу. Эгер достун жасаган бир нерсеси жакпаса же достун сөздөрү капа кылса, аны түз айтууга үйрөнүү зарыл.