Интернеттеги таанышуу.

Адамдар интернетте өздөрүн башка адам катары көрсөтүшү мүмкүн.
Интернеттеги таанышуу.

Азыр ар кандай кружокторго, мектепке жана башка жумуштарга байланыштуу бош убакыт табуу кыйын. Анда жаңы таанышууларды кайдан табабыз? Жооп: Интернеттен.

Айбек менен Перизат Instagram’да таанышкан. Алар ошол замат тил табышып, сүйлөшүп башташкан. Алар музыка, тасма, жашоону талкуулап, күлкүлүү сүрөттөр менен алмашып, күн сайын жазышып турушкан. Алардын жалпы көп кызыкчылыктары бар болуп чыккан . Перизат абдан жакшы окууган, гитарада ойногон, кино жөнүндө жакшы билген кызыктуу кыз эле. Ал абдан сулуу экенин, анын баракчасындагы сүрөттөрү айтаар эле. Айбек бул идеалдуу кыз деп ойлогон.

Алар кофе ичүү үчүн, кафеге барууну сүйлөшүшкөн. Бирок, Айбекти жагымсыз сюрприз күтүп турду. Интернеттеги Перизаттан эчнерсе калбаптыр. Чынында, жакпай калуудан коркуп Перизат башка адамдардын сүрөттөрүн өзүмдүкү деп жүктөчү экен. Анан да ал жөн гана гитарада ойноону самачу экен. Перизат өзүн башка адам катары көрсөтүп, кооздоп салган. Алар бир аз сүйлөшүп, анан тарап кетишти. Айбек кийин бирөөгө жазып, таанышууну көпкө каалаган эмес.

Соцтармактар – жаңы таанышууларды, досторду табууга жөндөлгөн эң жеңил ыкма. Өзүнүн адамдарын жаш адамдан баштап улгайган курактагылар да издешет. Бул аянтчада сен өзүңдүн көз карашынды ачык айтууга, кызыкчылыктарың жөнүндө билдирүүгө шарт түзүлгөн. Бирок, кээбирлер виртуалдык жашоого берилип кетип, өздөрүн башка адам катары көрсөтүп баштайт. Бул учурда, байланышты созбоого аракет кылгыла, жана реалдуу адам менен сүйлөшүп жатканыңарды билгиле.

Анан, жагымдуу жазышуунун ордуна агрессия жана мазактоо келиши мүмкүн.

Мурун кибербуллинг жөнүндө уктуң беле? Колдонуучу башка колдонуучуга жаман сөздөр менен коштолгон каттарды жөнөтө баштайт. Бул адамдарды интернет мейкиндигинде “троль” деп аташат. Аларга мазактоо белгилүүлүк алып келет, ошондуктан алар эчнерсеге карабастан мазакташат.

Эгер сен трольдордун комментарийлерине кабыл болсоң, алардын сөзүн жакын жүрөгүңө алба. Алар ошону гана каалайт эмеспи. Мындан көрө, ошондой адамдары блокко киргизген жакшы.

Эгер, абал начарлап, сага жана сенин досторуңа опузалар түшө баштаса, сени баардык аккаунтарыңды андып баштаса, анда сөзсүз түрдө ата-энеңе айтуу зарыл. Мындай учурларда, милицияга кайрылууну да туура көрөбүз. Алар IP адрес аркылуу ошол трольдорду табышат, мындан кызыгы алар сенин айланаңдагы тааныш адамдарың болуп чыгышы мүмкүн.

Интернеттеги сүйлөшүү дагы кандай коркунучтарды жаратат?

Көп учурда адамдар чын атын жазбоону туура көрүшөт. Алар аноним аркылуу интернетте жазышып, жагымсыз сөздөрдү колдонуудан коркушпайт. Бул ыкманы чоңдор “мыйзамсыз контакт” деп да колдонушат. Алар өзүнө сексуалдык курман издөөнүн амалында, жаш курактагы өспүрүмдөр менен мамиле түзүшөт.

Бул ар кандай жолдор менен көрүнөт. Кээде чоң адам кемсинтүү, коркутуу, орой тамашаларды же интим сүрөттөрдү жөнөтүп баштайт. Ал эми кээде бул процесс амалкөй болот. Чоң адам жаш курактагы бала менен байланышып, анын ишеничине кирет, анан жанагы өспүрүм романтикалык сезимдерди сезип баштайт. Ошондо алар жолугушууга макул болушат. Мындай иш-чаралардын жыйынтыгы ар түрдүү болушу мүмкүн. Абдан аянычтуу жыйынтык жөнүндө ойлогубуз да келбейт.

Эгер сен күмөн санап жаткан адамың болсо, дароо ата-энеңе айтууну унутпа.

 

 


Эгер сен күмөн санап жаткан адамың болсо, дароо ата-энеңе айтууну унутпа.