Сүйлөшүү искусствосу

Табияттан адам коомдук жандык болуп саналат. Бирок, кээбир адамдарга мамиле түзүү кыйынга турат. Сен канчалык аракет кылбасаң да, алар сени менен сүйлөшпөйт жана укпайт. Бул учурда, эмне кылуу керек?
Сүйлөшүү искусствосу

Адам уктап жатканда да сүйлөшөт дейт.

Баарлашуу – бул вербалдуу гана маалымат алмашуу эмес, бул вербалдуу эмес маалымат алмашуу дагы. Биз сүйлөбөй турган кезде, жестикуляция, мимика жана тийүү аркылуу маалымат беребиз. Сүйлөшүү да искусство деген айтуу жөнүндө уктуңар беле? Бирок, биз билгендей искусство өтө – назик нерсе. Биринчиден, буга үйрөнүү зарыл.

Канчалык натыйжалуу сүйлөшөсүңөр? Аңгемелешип отурган адам сени, жана сен аны түшүнөсүңөрбү?

Эффективдүү сүйлөшүү – ой-пикирди гана айтуу жөндөмдүлүгү эмес, бул чыр-чатак абалдардан тынчтык жана кадыр жолдору менен чыгуу. Сүйлөшкөн адамдар менен сүйлөшүүдө жагымдуу ыкмаларды табуу зарыл. Ошондуктан, бул искусстводо чебер болууну кааласаң, бул кеңештерди колдонууну унутпа.

1) Белгилүү болгондой, байланыш - биринчи кезекте, аңгемелешкен адамга болгон кызыкчылык жана өз ара даярдык. Байланыш жагымдуу болууга тийиш, күч менен сүйлөшүү болбойт. Эгер байланышка каалоо болсо - анда натыйжалуу байланыштын ачкычы бар.

18c7saub4nw9ggif

2) Маек учурунда, аңгемелеш адамдын ысымын айтууну унутпагыла. Онлайн же чыныгы жашоодо болбосун, адамдар өзүнүн атын угууну жактырышат. Айрыкча, алгач эле таанышып жатсаңар. Бул трюк анын сага болгон мамилесин түп тамыры менен өзгөртүүгө таасирин тийгизет.

Ишенбейсиңби? Анда, байкоо жүргүз!

3) Ар бир маданиятта – сүйлөшүүнүн өз этикети бар. Кайсы бир жерлерде биздики менен окшош болсо, башка жерлерде таптакыр башкача болот. Бирок, жалпысынан, бардык жерде аздыр-көптүр бирдей жазылган эрежелер бар.

Көздөр – адамдын жан дүйнөсүнүн күзгүсү деп эсептелинет. Ошондуктан, маектешүүдө көзгө карап сүйлөө зарыл. Бул сенин ага болгон кызыкчылыгыңды

жана аны угуп жатканыңдын белгиси. Эгер көзгө кароо кыйынга турса, анын мурдуна, оозуна же болбосо кашына кароону сунуштайбыз.

4) Аңгемелеш адамды тууроого аракет кыл. Адамга башка адам аны туураганын жактырат. Анан да, ал сүйлөп жатканда баш ийкеп “ооба”, “айтпа”, “туура айтасың”, “кызык го” деген репликаларды колдонууну унтупа.

5) Керексиз сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонбоого аракет кыл. Ашыкча жүк жана иш менен аны жүктөбөгөнгө аракет кыл. Мындан тышкары, көптөгөн "чеберлер” сыяктуу, аягында кыскача түшүндүрүп коюнуу унутпа.

blah

6) Туура суроолорду берип көр. Кыска суроолорду берүүдөн кач, анткени аларга “ооба” же “жок” сыяктуу кыска жооптор келет.

tumblr_mhiz6jgJ7N1rag9fdo1_500

7) Жогоруда айтылгандай, маектешиңин айткандарын угуп, туура суроолорду берүү “чебердин” жөндөмдулүгү деп эсептелинет. Адамдар аларды угууну жана алар кызыкдар экенин билүүнү жактырышат.

giphy (1)

8) Биз бир нерсени түшүнбөй калабыз. Акылсыз көрүнгүбүз келбей, кайра суроодон тартынабыз. Мунун натыйжасында түшүнбөстүктөн улам чыр-чатак чыгуусу мүмкүн. Ошондуктан учурунда суроо жакшы.

9) Маектешүү учурунда өз жүрүм-турумуңа көз сал. Эгер сенин маектешиңдин сени кунт коюп угуусун кааласаң, анда мимика менен жестикуляцияны туура колдонушуң зарыл. Анткени, вербалсыз маалымат алмашуу вербалдууга караганда көбүрөөк маалымат берет делет. Сүйлөөдө вербалсыз маалымат алмашуунун коштосунда болсо, ошондо натыйжалуу болот.

10) Акырында: Сөз тонусун сакта. Ал жадатма тонунда болбошу зарыл, же, тескерисинче, күчтүү ритмикалык болбошу керек.

Негизи, баары кырдаалга байланыштуу болот. Сен олутту бир нерсе айта турган болсоң, анда эмоционалдуу болбостон, тынч айтып берүү зарыл. Ал эми, кызыктуу бир нерсе болсо, анда сезимдерге берилип, жакшы маанайда айтуу керек.


6625717031_c9b8c66114_o