Мен ким болгум келет?

Дарыгер же психолог? Же болбосо, саясатчы? Келечекте ким болууну, кайсы жогорку окуу жайды тандоону билбей жатасыңбы? Анда, бул макалада сага пайда боло турган нерселер жөнүндө жазууну туура көрдүк.
Мен ким болгум келет?

1. Паника болбо.

Кесип тандоо – адамдын жашоосун чечүүчү нерсе деген сөздөрдү көп уксаң керек. Ооба, чындыгында эле ушундай. Бирок, бул маселени ойлонуп депрессияга түшүүнүн кереги жок. Азыркы убакта, жумуш берүүчү адам дипломго карбастан, адамдын жеке сапаттарына жана резюмесине көңүл бурат. Активдүү болуу, адамдар менен тил табышуу жана бат үйрөнүү дипломдон жогору турат эмеспи.

2. Мектептеги предметтер.

Көптөгөн окуучулар мектепте предметтердин көптүгүнө даттанышат. Чынында эле, ошол предметтер алардын келечектеги кесибин тандоого сонун мүмкүнчүлүк болоорун билбейт. Мектепте тандап алып, сен жактырган багытта кетүүгө мүмкүнчүлүк аласың. Мындан тышкары, көп маалымат алып, өсүп жана түрдүү иш-чараларга катышып туруу болот. Айтмакчы, эгер сен математиканы жакшы билген болсоң, бирок, биологиядан аксап жатсаң, бул нормалдуу көрүнүш. Эң негизгиси – сага жаккан багытты тандап алуу.

3. Сүйүктүү иш жөнүндө унутпа.

Көптөр кесипти, өз каалоолоруна каршы тандашат. Ырахатка караганда, акча алып келүүчү кесипти тандашат. Ошондуктан, сага жаккан ишти тандоого аракеттениш керек. Бирок, кесибиң хоббиге байланышпаса, эчнерсе эмес! Сен ар дайым аларды бириктире аласың. Эң негизгиси - креативдүү чечим табуу. Кандай болбосун, сен жакшы көргөн нерсени таштаба, анткени иш оңунан чыкпаган кезде, хобби сага жардам берет.

4. Тырышчаак бол

Албетте, келечектеги кесипти тандоодо, сенин жакындарың жана туугандарың жардамга келет. Эгер алар сага жакпаган нерсени сунуштап жаткан болсо, урушууга шашпа. Алардын пикирин кабыл ал, бирок чечимди өзүң чыгар. Албетте, акыркы чечимди сен кабыл аласың.

5. Оор чечим

Эгер кесипти тандоодо чечим кабыл алуу оор болсо, анда кагаз барагын экиге бөлүп, “оң” жана “терс” жактарын жазып чык. Бул сага мүмкүн болушунча тез арада чечим кабыл алууга жардам берет. Бирок, сен өзүңдү сырттан билүүнү кааласаң, анда досторуңан жана туугандарыңанткээ бир суроолорго жооп берүүнү суран:

1. Силердин оюңарча мен эмне менен алектенүүнү жактырам?

2. Менин колуман эмне жакшы келет?

3. Силердин оюңарча, менин кандай күчтүү сапаттарым бар?

4. Мен менен сыймыктанасыңарбы?

Ал эми, негизгиси - сени бактылуу кылган нерсени тандап алууга аракеттен. Өзүңдү чын жүрөктөн угуп, чечим кабыл ал. Бул суроолорго жооп изде:

  • Мени эмне мотивациялайт?
  • Эрте менен жумушка бараарда, жагымдуу маанай менен турамбы же жокбу?
  • Менин көңүлүмдү эмне эргитет?

“Кандай гана кесип болбосун, эң негизгиси ал ишти – сүйүү. Сөзсүз ийгиликке жетүүгө умтулба, жөн гана тандап алган кесибиңди чын жүрөктөн жактыруу.”

Де Ниро Р.

 

Вертола Светлана