Ата-эне менен пикир алышуу. Экинчи бөлүк.

Жагымсыз кабарды же сен үчүн маанилүү болгон көйгөйдү айтуу - жөнөкөй маселелердин бири эмес. Сөздү эмнеден баштап, кантип туура сөздөрдү табуу керек , жана ата-энең буга курч реакцисын билдирүүсүнө карабай, кантип сабырдуу болуу керек?
Ата-эне менен пикир алышуу. Экинчи бөлүк.

Сен ата-энеңе айтуучу жагымсыз кабар барбы? Англис тилин окуй албай жатасыңбы? Дилбаян үчүн эки алдыңбы? Эми кантип ал жөнүндө айтуу керек? Кийин баары бир айтуу керек болот эмеспи... Же болбосо, жөн гана кубанычың менен бөлүшкүң келип турабы?

Биринчи кадам. Бул сүйлөшүүдөн эмне алаарыңды аныкта.


6810854382_5a2e4d0d79_o (1)  

Кырдаалга карай сенин максаттарың өзгөрүшү мүмкүн. Бирок, сен бул нерселерди каалап жатканын белгилүү:

  • Жөн гана сенин көйгөйүңдү угуу жана жана кеңеш бербөө;
  • Уруксат берүү же сага колдоо көрсөтүү;
  • Кеңеш берүү же жардам берүү;
  • Кыйын кырдаалдан чыгаруу жана сен урушпоо;

Сүйлөшүүдөн мурун өзүңдүн каалоо-тилектериңди аныктоону бил. Бул сага сенин сурооңду туура формулировкалоого жардам берет.

  •  "Апа, мен кыйналып жатам, мен сүйлөшкүм келет! Эгер мүмкүн болсо, мени жөн гана ук, бирок кеңеш берүүгө шашпа, макулбу? "
  • "Апа, ата бул айдын акырында мен класс менен байк сейилдөөгө баргым келет. Келгиле, мен силерге бул жөнүндө айтып берейин!"
  • "Ата, мен сиз менен сүйлөшкүм келип жатат. Биз сүйлөшө алабызбы?"

Экинчи кадам. Өз сезимдериңди уга бил.


10731507755_8afcb4e428_o 

Сезимтал маселелер жөнүндө сүйлөшүү, өзгөчө, сүйүү жана секс темаларын талкуулоо өтө кыйын, ал эми ата-энелер менен - андан да оор. Ошондуктан талкуулоонун алдында тынчсыздануу табигый нерсе.

Бирок, сен өзүңдү ук жана түшүнүүгө аракет жаса: сен аларды коркутуп алуудан, көңүлүн калтыруудан же капа кылуудан коркуп жатасыңбы?

 

Олутту маселени айтаарда – сен алардын угуусун жана сени колдоосун каалайсың. Бул учурда көпчүлүк нерсе сенин сүйлөөңө байланыштуу, ошондуктан даярдануу зарыл.

Бирок, кантип?

Бул кеңештер ата-эне менен маек курарда жардамын берет.

  • Туура жана так айтып үйрөн. Майда чүйдөлөрдү калтырбай айтып бергенге аракет кыл.

​​​​​​​boxing

  • Чындыкты сүйлө. Ар дайым чындыкыты айтууга үйрөн, бир калп сүйлөгөндөн кийин алар сага ишенимин жоготуп, ишенүүгө кыйын болот.

tumblr_m31agtVHCL1qgcra2o1_500

  • Урушпа жана ыйлаба. Бул ыкмаларды колдонуу менен сен алардын кыжырын келтирип, сени укпаганга алып барасың. Тескерисинче, сенин тынч түрүң жана достук мамилең алардын сага жардам берүү сезимин күчөтөт. Албетте, эмоциялар кайнап турган кезде, тынч болуу абдан оор, бирок кантсе да өзүндү кармап сабырдуу болууга аракет кыл.

​​​​​​​really

 

 

 

Сүрөттөр бул булактардан алынган:
 (сс) Boris van Hoytema, Alex NaanouMatus Laslofi и refreshment_66.

Related Posts: 1. Общение с родителями: Перезагрузка. Часть 1.