Бирөөнүн пикирин – микроскоптон алдына коебуз.

Адам - коомдук жан. Жөнөкөй сөз менен айтканда, биз башка адамдар менен өмүр бою курчалып турабыз. Ар бирибиз кандайдыр бир жол менен башка бирөөнүн баалоосуна жана сын пикирине кабылабыз. Анын кеңешине же баалосуна муктаж болбой турган кезде да, аны кабыл алуу кыйын келет. Бирок, муну айланадагы адамдарга зыян келтирбөө үчүн кабыл алууга туура келет. Кантип туура кабыл алууну үйрөнөм десең, анда оку.
Бирөөнүн пикирин – микроскоптон алдына коебуз.

Башкалардан алган ар кандай маалыматтарды, биз тийиштүү формада кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек. Сен жөнүндө кам көрүп жаткандыгын түшүнүп, ыраазычылык менен кабыл алып, бирок ошол эле учурда бул ар башка көз караш экендигин түшүнүү зарыл. Ага көңүл буруу же бурбоо – сен өзүң чечесиң. Мындай кырдаалдарда токтоо жана ишенимдүү бойдон калуу маанилүү болуп саналат. Сынга жооп  кылууга карата кээ бир ыкмаларды, биз мурда сайтка киргизгенбиз. Бул макалада биз башкалардын пикирине кантип реакциялоо жөнүндө айтып беребиз.

Мнение1

 

Биринчи жана, кыязы, абдан маанилүү нерсе ой-пикирлерге жана сындоолорго чыдап турууда – бул өзүңө болгон ишенич жана ички үнүңдү уга билүү. Сени баары бир сендей жакшы эчким билбейт. Ал эми ар кандай учурда акыркы тандоо үчүн сен өзүң гана жоопкерчилик аласың.

Кимдир бирөөнүн пикирине кулак төшөөдөн мурун, ал өз башынан өткөргөн нерселерди өз ой-пикиринин негизинде айтаарын унутпа. Бул дайыма эле оң көрүнүштө болбойт. Бул илимий изилдөө эмес, далилдердин негизинде эмес, бир жеке көз караш гана болуп саналат.

Эгер сенин алдыңда оор тандоо турса, жана сен эмне кылышты билбейм жатсаң, анда - ал жөнүндө ар кандай пикирлерди угуп, анализдеп, сага жакын болгон пикирди гана кабыл ал. Кимдир бирөөнүн айтканын колдоносуң же жокпу - бул мааниге ээ эмес. Өтө маанилүү нерсе - өзүң үчүн мыкты чечим табуу.

Мнение2

Адамдарды түшүнүүдө жана "жаман кеңешти" чыныгы жардам берүүдөн айырмалай билүү өтө маанилүү болуп саналат. Сен ийгиликке жеткенде, көрө албастыктан улам кээ бир адамдар туура жолдон адаштыруу үчүн насаат бере баштайт. Буга, өз убагында жок дегин.

Жашообуздагы ар кандай маанилүү иш-чаралардын алдында – башкалар кандай ойдо деп тынчсыздана баштайбыз. Мен бир нерсени туура эмес кылсам, ката кетирсем эмне болот?

Мындай учурларда, отуруп, ойлонуу керек. Сенин оюң боюнча мунун коркунучтуу жыйынтыгы жашообузга кескин таасир этеби же жокпу? Адамдар бул жөнүндө түбөлүккө эстеп калышабы? Албетте жок! Чындыгында, бардык адамдарда кемчиликтер же каталар бар, адамдарга адатта бул тиешелүү көрүнүш.

"Башка адамдар мен жөнүндө кандай ойдо деп коркпо. Алар да, өзү жөнүндө башка адамдар кандай ойдо деп тынчсызданышат."

Артур Блох

Кандай болбосун, ар бир адам унчукпай жүрүшү мүмкүн эмес. Ар бир адам ар кандай маселе боюнча өз пикирин билдире алат. Бул учурда Тереза эненин акылдуу сөздөрүн эске алуу керек:

"Сен жөнүндө адамдар эмне деп айтканы мааниге ээ эмес, - муну жылмаюу менен кабыл алып жана өз ишиңди улантуу зарыл"

 

Бул булакка сүрөт үчүн рахмат

Макаланы түзүүчү — Вертола Светлана.