Тоскоолдуксуз достук

«Досторду тандабайт» деген макал бар эмеспи, бирок алар менен кантип мамиле түзүүнү биз гана тандайбыз. Мисалы, сенин досуң оор абалга түшүп калды деп көрөлү, сен аны колдой аласыңбы жана жардам көрсөтүүгө даярсыңбы?
Тоскоолдуксуз достук

Адамдар ким менен достошууну жана мамиле түзүүнү өздөрү тандашат. Өз ара түшүнүүчүлүк, жалпы кызыкчылыктар, биргелешкен иш-чаралар, ошондой эле ишенимдүүлүк - бул достук мамилелерин бекемдейт. Ал эми ар кандай кыйынчылыктар достуктун бекемдигин сынайт. Элестет, кече эле бирге убакыт өткөрүп, ойноп, сабакка барып жүргөн досуң оор абалга кабылды – сен бул учурда эмне кыласың?

 

Балким, ушундай кырдаалдарда гана достук текшерилет. Анткени, ушундай учурларда гана силердин достугуңарга эчнерсе тоскоол эмес экенин көрсөтө аласыңар.

 

Эгер менин досумда ВИЧ оорусу бар болуп чыксачы?

“Биз он жети жаштабыз, жакында эле менин досум ВИЧ вирусун жуктуруп алган, ошодон кийин кээбир достору бурулуп, байланышын үзүшкөн. Бирок мен эчнерсеге карбастан, жакындарым сүйлөшпө дегенине болбой, аны колдоп келем...”


Бул интернет форумдарда берилген суроолордун бири. Бул учурда эмне кылуу керек?

Кундө миңге жакын адам ВИЧ вирусун жугузат. 2016-жылы, Беларус, Казакстан, Орусия, Украина, Армения, Казакстан, Тажикстан, жана башка КМШ өлкөлөрүндө ВИЧ вирусу менен 1,5 млн адам жашаган. Кээбир шаарларда чоң адамдардын ар бир жүзүнчүсү ВИЧ илдети менен жашап келет. Кээде жаңы төрөлгөн ымыркайларга ВИЧ вирусу ата-энеден өтүшү мүмкүн.

Ошентип, бул илдет менен жашап келген тааныштарың, досторуң же туугандарың бар болуп чыгышы мүмкүн. Эреже катары, СПИД менен ооруган адамдар, алардын оорусу тууралуу айтууну каалашпайт, андыктан сен ал жөнүндө билбешиң да мүмкүн. Ошол эле учурда, алар, айрыкча, досторго жана колдоого муктаж.

Эгер сенин досуң же таанышың ВИЧ оорусу менен ооруганын айтса, коркуп, паника болуп, башкаларга айтуунун кереги жок. Анткени, бул сырды ал сени жакын адамы катары санап, айтууну туура көрдү.

Эмне кылыш керек? Биринчиден, досуңа бул сыр жөнүндө эчкимге айтпооңду айт, анткени ден-соолугукка болгон тема – жеке жана интимдүү. Бул кабар сени абдан толкундантса да, сабырдуу болууга аракет кыл - анын үмүтсүз абалда эмес экенин, ал үчүн маанилүү белги болуп саналат. Анын колун кармап, кучактап, же ийинине колуңду коюп колдооңду көрсөт – сенин дене тилиң сөздөргө караганда көбүрөөк нерсени айтат.


huggingg

Бирок, колдоо менен боор оруунун айырмасын түшүнө бил. Көп учурда оор абалда, адам жөн эле тажрыйба алмашуу максатында сүйлөшкүсү келет. Насаат берүүгө шашпа, бетме- бет отуруп, кунт коюп угуп, телефон же башка нерселер менен алек болбо. Сенин көңүл койгонуң ага кам көрөөрүңдү жана анын жанында болооруңду айтат.

Кээбир адамдар үчүн болуп өткөн окуя жөнүндө айтып берүү кыйынга турат, анткени алар, айыптоодон коркушат.

 

Бул учурда жөн гана суроолорду бер да, айыптоого өтпө.

 

Эгер сен жакын адамдарыңдын бирөөсү ВИЧ менен ооруп калганын билип жатсаң, анда аны түз суроого шашпа. Ал адам өзү бөлүшкүсү келген учурду күтүү зарыл.

Кээде сенин досуң же жакын адамың ВИЧ менен ооруп жатканын экспресс-тесттин жыйынтыгында айтуусу мүмкүн, же ден-соолуктун начарлашы мындай божомолдорго түртөт. Мындай учурда, райондук ооруканга, лабораторияга барып СПИДке тестирлөө өтүүсүн сунушта.

Колдоо жетишпегенде...

Коркуу, үмүтүн үзүү, башаламандык жана башка терс сезимдерге кабыл болуу ВИЧ вирусуна кабылган адам үчүн табигый нерсе. Сенен чыдамдуулук менен назиктиктик керек болот. Бирок сенин колдооң жана түшүнүүң жетишсиз болушу мүмкүн, ошондуктан стресс менен күрөшүүдө адистерге кайрылууну сунушта.


Man-Laying-On-Couch-050916
 

Бул учурда жардам үчүн писхологго, СПИД-борборлоруна жана өз ара жардам көрсөтүү топторуна кайрылса болот. Сенин досуң жашаган жерде, жардам алууга кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин издеп көр. Так маалыматты тапсаң, сенин досуң пайдаланууга ошончолук жеңил болот. Ошол замат жардам сурап кайрылуу кыйынга турат, ошондуктан өзүңдүн тажрыйбаңды мисал катары айтсаң жакшы болот.

Консультацияга бирге барууну сунуш кыл – сенин катышууң жана колдооң айрыкча биринчи барууда жакшы жардам болот.

Кээде досуңдун оорусу жөнүндө сөз баштабоо туура болот, бирок сен бул көрүнүш менен андан уялып жатканыңды көрсөтүп коюшуң мүмкүн. Мындай кырдаалда орто жолду тандоо керек.

Сенин өзүң мисал бол

Эгер классташтар жана башка тааныштар ВИЧ жөнүндө билгенден кийин, байланышын үзүүсү же мазактап башташы мүмкүн – бул ВИЧти жугузуп алган адамдардын жашыруусун биринчи себеби. Албетте, сен досуңа болушкуң келет! Бирок, сабыр кылып сен билген маалаыматтар менен бөлүшкөнгө шашыл.

Ал эми байланыш үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок экенин ал досуң менен бирге тамак ичүүдө, ар кандай нерселер менен бөлүшүүдө, мектепте анын жанына отуруу аркылуу көрсөтө аласың.

Дагы кантип жардам берсе болот?

Биринчиден, өзүң ВИЧ жөнүндө так маалыматка ээ болууга аракет кыл.

ВИЧ – бул адамдын иммунжетишсиздик вирусу. Бул вирус өнөкөт ооруга алып келет. Ал иммундук системаны дартка чалат, ал эми иммундук системанын башкы миссиясы – жугуштуу ооруларга каршылык көрсөтүү жана сактоо. Ошондуктан ВИЧ менен ооруган адамдар олуттуу ооруларга дээрлик коргоосуз болушат. ВИЧти жуктуруп алган адам көп жылга чейин оору жөнүндө билбей жүрө бериши мүмкүн, анткени бул оорунун белгилери жок. ВИЧ адамдын иммун системасын бузуп, 10-15 жыл аралгыныда бул оорлошуп барып СПИДке айланат. СПИД өзүн ар кандай оору аркылуу көрсөтөт – кээбирлер онкология оорусуна кабылса, башкалар туберкулез менен ооруп калышы ыктымал.

Корголбогон жыныстык катнаш жана ийне аркылуу сайынуу – ВИЧти жугузуп алуунун жолдору. Мындан тышкары, ВИЧ энеден балага да жугуу көрүнуштөрү жолукбай койбойт.

Тилекке каршы, азыркы убакта СПИДден айыктыруучу дары-дармектер ойлонуп табыла элек. Бирок, кээбир даарылардын аркасы менен адамдар көпкө өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.

Жаңылышуулар жөнүндө

ВИЧ жөнүндө коомдо көп айтылып жатканына карабастан, кээбир жаңылыштыктар жолукпай койбойт. Эң кеңири таралган жаңылыштык бул – ВИЧти сасык тумоо сыяктуу жуктуруп алуу. Ушундан улам, көп адамдар, ВИЧ орруган адамдардын оорусу тууралуу билип калса, алар менен сүйлөшпөй коюшат.


1
 

Башка жаңылыштык бул – ВИЧ/СПИД оорусун жоктугу. Кээбир эксперттер бул ооруну жокко чыгарып, аны аныкталган эмес деп келишет, ошондуктан андан дарылануу маанисиз деп да айтышат.

Ооба, оор учурда колдоо аябай кыйынга турат. Бир нерсе сен каалаган жолдо болбой жатса, кайгырба. Жардам берүүдө ак ниетүүлүгүңдү көрсөтсөн, сенин досуң колдооңду сөзсүз түрдө баалайт жана ыраазычылыгын билдирет.