Үй-бүлөдөгү кызыкчылыктар конфликти

Ар бир үй-бүлөдө чыр-чатактар чыгып турушу ыктымал. Анын баары – балдардын жана ата-эне ортосундагы түшүнбөстүктөрдүн айынан келип чыгышы мүмкүн. Мындай кырдаалда эмне кылуу керек?
Үй-бүлөдөгү кызыкчылыктар конфликти

Албетте, бул абдан тааныш болгон маселе, жана көбүнчө эки варианттын ортосундагы тандоо – жарашуу, бирок корс жооп берүү же унчукпоо.

Бул жагдайды мындайча карап көрөлү. Сенин ата-энеңди түшүнүүгө болот, анткени алар бала кезден бери сага кам көрүп, сени бактылуу болушуңду каалап жана жашоодо болгон кыйынчылыктардан коргоп келет. Ошондуктан, аларга көп жылдар бою аткарып жаткан ишин токтотуу кыйынга турат.

Сен жаңы эле эс тартып баштаганда, сенин дүйнөгө болгон көз караштарың пайда болот, жана кантип жашашты билемин деген сыяктуу ойлор келет. Сенин оюң эчкимге кызык эместей көрүнүшү мүмкүн. Бирок, мындай ойлор ата-энеге да келет, анткени сен аларды укпай баштаганда алар сени контролдоого өтүшөт.

Ушул жерде кызыкчылыктар конфликти башталат.

 

Эки жакты кантип чыр-чатаксыз табыштыруу керек?

Бул жерде сага жардам берүүчү кеңештерди топтодук, анда эмесе оку.

1. Сылык бол.

Ооба, сен кысымга кабул болгондо өзүңдү кармоо жана сылык болуу кыйынга турат. Бирок, сабырдуулук менен гана сен аларга болгон урматыңды көрсөтө аласың. Албетте, бул унчукпай коюу дегенди билдирбейт. Бирок, макул болбоону ар кандай жолдор менен көрсөтсө болот, “силер мени жадаттыңар” дебестен, “ата, апа, мен силердин көз карашыңарды сыйлайм, бирок менин да оюмду угууңарды суранам” деген сыяктуу сөздөр аркулуу тынч жол менен айтууга аракеттен.

2. Өз катачылыгыңды кабыл алууну үйрөн.

Эгер сен туура эмес экениңди сезип жатсаң, анда аны кабыл ал. Баардык адамдар адашат жана ката кетиришет, бул кадимкидей көрүнүш.

Өз катачылыныгын моюнга алуу – эң сонун сапат.

1281684773_850215_0000000000_noticia_normal 

3. Ата-энең менен сүйлөш.

Күнүмдүк жашоодогу окуялар менен ата-энең менен бөлүш. Алар менен көбүрөөк баарлашууну адатка айландыр, анткени баарлашуу – адамдарды жакындатат жана сага болгон ишенимин ашырат.

4. Рол менен алмашкыла.

Кырдаалага жеке көз караш менен карабастан, ата-энеңди өзүндүн ордуңа коюп көр. Бул сага конфликттерден качууга жардам берет.

5. Ырыс алды ынтымак.

Сен жоопкерчиликтүү боло баштагандан кийин, конфликттер жана майда чыр- чатактар жоголо баштайт.

Эң негизгиси – кандай гана татаал моменттер болбосун, сенин ата-энең ар дайым сени колдоорун унутпа.


 
Ата-эне жөнүндө кошумча макала:

Ата-эне менен пикир алышуу. Биринчи бөлүк
Ата-эне менен пикир алышуу. Экинчи бөлүк