Сексуалдык зомбулук жөнүндөгү уламыштарды жокко чыгарабыз.

Сексуалдык зордук-зомбулук жана анын ар кандай көрүнүштөрүн аныктоого келгенде биз жаңылышууларга туш келебиз. Бул макалада силер олуттуу маселенин чындыгын билүүгөө мүмкүнчүлүк аласыңар .
Сексуалдык зомбулук жөнүндөгү уламыштарды жокко чыгарабыз.

Сексуалдык зордук-зомбулукка байланыштуу учурларда эң чон коркунуч – бул туура эмес реакциялоо. Бул жагдайда туура иш-аракет кылуу абдан зарыл экендигин айтып кетиш керек.

№1 Эркектер гана зордуктайт.

Ооба, сексуалдык зомбулукка көбүнчө аялдар дуушар болушат. Бирок, кээбир учурларда аялдар дагы зордукчу катары саналышат. Алар, жашы жетелек балдарга карата зомбулук көрсөткөн учурлар кездешет, же болбосо эркек кишиге жабырлануучу адамды издегенге жардам беришет.

№2 Жабырлануучу зордуктаган адамды билбейт.

12 жаштан тарта өспүрүмдөргө карата жасалган сексуалдык зомбулуктардын 80 пайызы, достору же алардын үй-бүлө мүчөлөрү болуп чыккан. Статистикалык маалыматтарга ылайык, мыйзам бузуучулардын көбү кылдат кылмыш үчүн даярданышат. Алар келечектеги жабырлануучу менен байланыш түзүп, ишенимине кирет.

№3 Зордуктоо спирт ичимдиктердин же баңгизаттын себебинен келип чыгат.

Албетте, жабырлануучу кандайдыр бир иш-аракеттерди контролдой албай турган кезде, зөөкүр ошол учурдан пайдаланып калуусу мүмкүн. Тескерисинче, зөөкүр алкоголдук же башка заттардын таасири астында болсо, аны актап коюшат. Бирок, бул туура эмес. Ар кайсы сексуалдык зомбулуктун себеби кылмышкердин оюнда жатат. Ичимдик же башка зат зомбулук менен байланышта турбайт.

№4 Эгерде адам жыныстык катнашка баруу жөнүндө калоосун билдирбесе, анда ал макулдук берди деп айтсак болот.

Көпчүлүк учурда, коркунуч сезими каршылык көрсөтпөөгө бөгөт тузөт, анткени жабырлануучу мындан да кооптуу кесепеттерден коркот. Баш тартуу зөөкүрдү жиндентип, өз максатына жетүү үчүн кылмышты катаалдатуу ыкмаларына алып келет деп ойлойт.

№5 Жабырлануучу сексуалдык зомбулук жөнүндө айтат.

Жабырланган адам үчүн сексуалдык зомбулук жөнүндө сүйлөө өтө оор. Эгер, жабырлануучу мындайга өспүрүм кезинде дуушар болсо, анда ого бетер кыйын болот. Ал тажрыйбасы жөнүндө айткысы келбейт, анткени мындай кептер анын эмоцианалдуу жактан ден-соолугун начарлатып, үй-бүлөө мүчөлөрү тарабынан сынга алынат деп ойлойт. Эгер, зөөкүр анын тааныш адамы болсо, жабырлануучу ага зыян келтирүүдөн коркот. Бирок, жабырлануучу жардам суроону чечип, кылмыш жөнүндө айтса, анда психологиялык жактан ден-соолугунун калыбы тез орунга келет.