Секске өтүүнүн туура жолдору (балдар үчүн)

Эми элестет: сүйгөн кызың менен жолугушуудасың. Ал сага жылмайып, сени сүйөөрүн айтып жатат. Сен анын эриндерине жакындап, өптүң, бирок, сенин колуң ылдый түшүп баштады. Анан ал сенин жаагыңа бир чапты. Эмнени туура эмес жасадың?
Секске өтүүнүн туура жолдору (балдар үчүн)

Албетте, кыз жигиттин мамилесинде жөн гана назик өбүшүүлөр барган сайын тереңдеп, сексуалдык катнаш этабына өтөт. Бул этапка кантип туура өтүш керек?

Биз жазган кеңештерди окуп, эсиңе түй.

  1. Өтө өжөр болбо. Ашыкча күч колдонуп, кызды мажбурлоо болбойт, бул сени кыздан четтетет. Кыздын каалоосун эске алып, назик мамиле жаса.
  2. Эгер сен кызды ресторан же киного алып барган болсоң, ал сен менен жыныстык катнашка барууга милдетүү эмес.
  3. Кыз дайым «жок» деп айтууга акысы бар. Балким, силер бөлмөдө отуруп, секске даярдык көрүп жаткан кезде, ал жок деп айтып коюусу мүмкүн. Бул учурда, бардык иш-аракетиңди токтот жана ал менен ачык сүйлөшүүгө аракет жаса.

Мүмкүн, ал кыз үчүн мындай этапка өтүү көбүрөөк убакытты талап кылат. Кандай болсо да, анын тандоосун сыйла.