Шылдыңдоолорго жок дейбиз!

Акыркы жылдар аралыгында мектеп окуучулардын коопсуздугуна көп көңүл бурулуп жатат. Анткени, көп учурларда окуучулар шылдыңдоо жана кемсинтүүлөрдөн коркуп мектепке баруудан баш тартышат.
Шылдыңдоолорго жок дейбиз!

Көп учурларда кемсинтүүлөрдүн курмандыгына класска келген жаңы окуучу дуушар болот. «Төрт көз», «бочка», «ботаник» ушундай сыяктуу шылдың сөздөрдү айтып кемсинткен учурлар аябай эле көп. Күч колдонулбаса да, айтылган шылдың сөздөр мектеп жаштагы өспүрүмдөрдүн психикалык ден-соолугуна терс таасирин тийгизет.

Балким, сен шылдыңдоолордун курмандыгы болбосоң да, сен башка классташыңды шылдыңдабадың беле? Ойлонуп көрчү.

Улуулар мындай шылдыңдоолорго көп көңүл бурушбайт. Мындай кылыктарды, алар мектеп тажрыйбасы же чоң жашоого даярдык деп эсептешет. Бирок, бул түшүнүк – туура эмес, анткени мындай кылык-жоруктар кемсинтүү деп саналат, башкача айтканда булинг деп эсептелинет.

 
tumblr_n6k7snEsrw1qj4315o1_500 (1) 

Прогоресивдүү жашоого карабастан «булинг» мектеп окуучулар арасында сакталып келет. Алар өздөрүн жаныбар сыяктуу алып барышат. Эң кызыгы, бул жерде улут, курак, үй-бүлөө статусу эч кандай рол ойнобойт.

Көпчүлүк учурда, жабыр тарткан өспүрүм башка өспүрүмдөрдөн өзгөчөлөнүп турган окуучу болуп саналат. Бул байыркы замандан бери сакталып келе жаткан адамзаттын өзгөчөлүгү. Адамдар өздөрүнө окшобогондорду жаман көрүшөт. Расасына, улутуна, сексуалдык багытына, диний ишенимине карап өздөрүнө окшош адамдарды тапканга аракет кылышат. Ошондуктан, өзгөчүлөнгөн окуучу болсо аны тез эле куугунтукка алышат. Эгер ал жооп кайтара албай калса, кырдаал мындан да начарлайт. Психикалык кысымдан башталып физикалык зомбулукка өтүү бир эле кадам.


anigif_enhanced-19782-1409769869-33

 

Бирок куугунтукка туш болуу - бул жабырлануучунун күнөөсү эмес! Кээде, кемсинткен жаш балдар ата-энесинин же башка улуу адамдырдын орой жүрүш-турушун көчүрүп алып, аларды туурашат.

Ал тургай, тынч көрүнгөн кыз да бейбаш болуп чыгышы мүмкүн. Ал башка кыздар жөнүндө ушак таратуу менен алек болсо да, бул – мазактоонун бир түрү болуп саналат. Бейбаш өзүн лидер катары көрүп, башкаларды басмырлап өз пикиринин тууралыгына ишенет. Ал башкалардын көңүлүн бурууга аракет кылат, анткени аудиториянын көңүлү ал үчүн аябай манилүү.


I_Am_Number_Four_High_School_Bullying

Азыркы убакта, мазактоонун көп түрү бар. Белгилүү болуп «киббербуллинг» эсептелинет. Бул интернеттеги ар кандай мазактоолор, шылдың сөздөр, жеке сүрөттөрдү таратуу, ушак таратуу жана терс комментарийлерди жазып калтыруу.

Балким, сен интернеттеги шылдыңдоолорго дуушар болгондурсуң, бирок бул мектептеги мазактоолорго жетпейт. Эгер, сен мындай абалга кабыл болсоң, сөзсүз түрдө өзүңдөн улуу адамга айтуу зарыл.

 

teens_bullying

Эгер, сен шылдыңдоолорду өзүм жеңе алам десең, анда биздин кеңештерди эсиңе түйүп ал.

  • Чыр-чатак учурунда жооп кайтарбоо – коркоктук болуп саналбайт, тэскерисинче, бул сенин жетилгендигиң жөнүндө айтат. Психологдордун айтымында, көңүл коштук кылуу бейбашдын каалоосун жоготот. Ошондуктан, анын айткан сөздөрүнө маани бербе.
  • Токтоо болуу чыр-чатактын чечилишине жардам берет. Бейбаш сени кыжырлантып, жиниңе тийгиси келет, андыктан токтоо болуп, жооп кайтарбасаң, андан кутуласың.

  • Уруш, мушташка туш болбоого аракет кыл.
  • Өзүңө тың бол. Энергияңды башка пайдалуу нерсеге жумша. Бейбаш менен урушуп-тытышуу жакшы нерсеге алып келбейт.

 

Мазактоо жөнүндө чоңдорго айтып берүү уят эмес. Андыктан, уялбай жакын адамдарың менен бөлүш, анткени алар гана сага жардам бере алат.