Эмнени айтуудан коркобуз?

Көп учурларда «зомбулук» деген сөздү укканда, биз бир адамдын башка адамга карата күч колдонгонулган физикалык аракети деп түшүнөбүз. Бирок, мазактоо, адепсиз жоруктар, коркутуу, артынан түшүү, чалуулар жана смс аркылуу жөнөтүлгөн каттар – жазасыз зомбулуктун түрү болуп саналат.
Эмнени айтуудан коркобуз?

Жыныстык катнашка барууга мажбурлоо, психологиялык кысым көрсөтүү – зордук зомбулуктун эң оор көрүнүшү деп атоого болот. Мындай жүрүм-турум Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жазага тартылат.

Кыргызстанда «макулдук берүү» жаш курагы 16 жаш деп эсептелинет, ал эми ошол жашка чейинки өспүрүмдөргө карата сексуалдык мүнөздөгү иш-аракет кылмыш болуп эсептелинет. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине 14 жашка жеткен өспүрүмдү тартууга болот.

 

«Зомбулук» деген эмне?

  • Зомбулук – бул күч колдонуу менен жыныстык катнашка баруу. Бул жабырлануучунун физикалык гана эмес, психикалык ден-соолугуна доо кетирип, укугун бузат.

  • Мазактоо, шылдыңдоо, куугунтукка алуу, коркутуп-үркүтүү – зомбулук болуп саналат. Адамга физикалык жактан күч колдонулбаса да, мындай нерселер анын психикалык жактан жабырлантып, кээбир учурларда адам өзүнүн жанын кыюууга чейин барат.

Эгер сен зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө дуушар болсоң же зомбулуктун курмандыгы болгон кимдир бирөөнү билсең бул жөнүндө сен ишенген улуураак бирөөгө айтышың керек. Ата-эне, мугалим жана мектептин психологу бул кырдаал жөнүндө билүүсү зарыл. Сенин жашырууларың зөөкүрдү мындан да катуу иш-аракет жүргүзүүгө алып келет жана ал өзүнүн жүрүм-турумун туура деп эсептеп калууга сезим жаратат.