Сулуу келбетби же чың ден-соолукбу: кайсынысы маанилүүрөөк?

Бир нече кошумча килограммдар пляждык сезондун же жигит менен жолугушуунун алдында – эчкимди кубантпаса керек. Башка маселе, муну кантип кабыл алуу керек? Биз муну тактаганга аракет кылып көрөлү.
Сулуу келбетби же чың ден-соолукбу: кайсынысы маанилүүрөөк?

Жаш ымыркайлар бирдей болуп төрөлүшөт – болпойгон колдору жана буттары кандай гана сонун, бирок чоңойгон сайын дене түзүлүшү ар бир адмдыкы, ар кандай болуп өзгөрүлөт. Ошону менен бирге, адам баласы бул маселеге өспүрүм кезинде аябай чоң маани берет.

Гормондор өз жумушун аткарат – кимдир бирөө бойго кетсе, кимдир бирөө салмакка кетет. Эмне кылуу керек?


Чынында эле бул сага маселеби? Эмне үчүн сенин дене түзүлүшүңдү ондошум керек деп ойлоп жатасың? Бул ой кайдан пайда болду?


Ымыркайларга кайтсак, алар жаш кезинен баштап өзүнүн колдорун, буттарын, жана башка дене мүчөлөрүн изилдеп башташат. Бирок, чоңойгон сайын ата-эненин, доктурдун жана коомчулуктун таасиринде алар денеге терс жактан карай баштайт. Убакыттын өтүшү менен, бул комплекске айланат да, алар келбетимди оңдошум керек деген маселе менен жашай баштайт.

Ооба, кыздар этек кирдин таасиринде бир нече салмак кошушу мүмкүн. Ал эми, бул норма экенин көпчүлүк билбейт. Бирок, кээбир ата-эне буга көйгөй катары караганда, коомчулук кыздарды шылдыңдап баштаганда – биринчи диетага отуруу башталат. Анысы аз келгенсип, жакын адамдар бул чечимди колдошот.

Клиникалык психолог Анита Джонсон «Еда под лунным светом» аттуу китебинде минтип жазат:

«Байыркы заманда кыздардын этек кири келгенде, аялдардын катарына кирдиң деген сыяктуу үрп-адаттары болгон. Ал эми азыркы заманда, кыздар этек кир башталгандан кийин – диетаны адатка айлантырышкан»

Мындан тышкары, кыздын фигурасы да өзгөрө баштайт, төш пайда болуп, чоочун кишилердин көз артуусу көбөйүп баштайт, ошондо кыздар келбетине өтө чоң маани берет.

«Аппетит» китебинин автору Кэролин Кнап айтат:

Биз ар бир дене мүчөбүздү бөлүп, аларды башкалардыкы менен салыштыра беребиз. Мен балдарга жагамбы? Менин төшүм чоңбу? Ичим жалпакбы? Мунун натыйжасында, кыздар ар кандай диетага отуруп, көнүгүүлөрдү жасап, өзү каалаган идеал келбетке жеткиси келет.

Белгилүү блогерша Вирджи Товар минтип жазат:

«Кээде адамдар мен арыктагым келет деген сөздү укканда, мен муну минтип түшүнөм: Мени коом сыйлоорун каалайм, же мен сүйүктүү болгум келем»


Бирок актирсалар сыяктуу арыктаган кезде, адамдар сени сыйлайт деген кепилдик жок.


Бирок, ошол диеталар, көнүгүүлөр аркылуу салмак таштаган кезде деле, кыздар өздөрү менен канаттаанбайт, анткени аларда – өзүн өзү сыйлоо же сүйүү сезими жок.

Адамдын өзүнө болгон сүйүүсү – татынакай кийим, сулуу келбет же арык-чырайлуу болуу эмес. Бул адамдын ичинде жаткан чоң сезим. Ал эми, дене бул учурда эч кандай рол ойнобойт.

Диетага отуруп жана башка фитнес менен машыгуунун ордуна өзүңдөн сура: мага чындыгында эмне рахат алып келет? Мен жашоону кантип жашап өткүм келет? Эмне менен алек болууну жактырам?

Бул учурда, сурап коюу гана болбойт, башкысы буга кадам таштап ошол ишти баштоо. Жайкыга салмак таштоону унут, башка бирөөлөрдүн диетасын талкуудан алыс бол. Ал эми, бирөө сенин келбетин жөнүндө комментарий таштаса, анда «менин денем – менин ишим» деп жооп берсең болот.

Жок, биз фитнес машыгууларга жана дене тарбияга каршы эмесбиз – бул сенин ден-соолугуңдун булагы. Бул жөн гана сени ойго салган арыктоо ойлордон арылтуу үчүн жазылган макала.

Ар дайым ден-соолукта бол, жана өз келбетиңе рахмат айт. Эгер ошол ашык килограммдар чындап эле ашык болсо, алар сен менен өздөрү кош айтышат.