МеГаморфозы, или мое новое тело

Безеткилер тажаттыбы? Үнүң өзүңдүкүнө окшобой баратабы? Өзүңө жакпаган өзгөрүүлөр болуп жатабы? Бир жыл мурун келбетиң мындай эмес беле? Бул сыяктуу МеГаморфоздорго көнүү кыйын.
МеГаморфозы, или мое новое тело

10 жаштан 15 жашка чейин убакытты – өткөөл мезгил деп коет, бул учурда адам жетилип баштайт. Бирок, ата-энең сени дагы деле жаш бала сыяктуу кабыл алса, а сен жана досторуң чоңойдук деп ойлойсуңар.

Буга далил болуп, сен өзгөрө баштайсын – физиологиялык жактан жетилесиң – бул мегаморфоздор:

  • Үнүң өзгөрүлөт
  • Теринин май жана тер чыгаруучу бездери активдүү иштегендиктен, бетте ар кандай безетки жана угрилер чыгып баштайт
  • Ар кайсы дене мүчөлөрдө чач өсүп баштайт

Бул эң башкысы эмес! Эң башкысы кыздар менен балдардын айырмачылыктары көзгө көрүнүп баштайт.

Кыздарда төш пайда болгонун көрсө болот, жана алардын этек кири башталат.

Балдардын дене түзүлүшү өзгөрүлүп, булчуң эттери жана жыныстык мүчөлөрү чоңойуп баштайт. Ал эми кээде түнү поллюция болушу мүмкүн.

Бул өзгөрүүлөр организмдин тукум улоочу функциясы даяр экенин жөнүндө маалымат берет.

Мындай өзгөрүүлөр ар кандай суроолорду жаратат. Мүмкүн сен берген суроого бизде жооп табылат. Анда эмесе, оку.

  • Безетки, угрилер менен эмне кылса болот?

Теридеги май чыгаруучу бездери өткөөл мезгилде өтө активдүү иштей баштайт. Бул процесс бүтмөйүнчө, дененин ар кайсы мүчөсүндө угри чыгып турушу ыктымал. Эң жакшы ыкма – гигиенаны сактоо жана туура тамактануу. Эгер, угри аябай көп чыкса, анда дерматологго кайрылууну унутпа.

  • Кыз досум экөөбүз теңбиз, бирок ошого карабастан анын төшү меникинен чоң, эмнеге?

Биз баардыгыбыз окшош эмесбиз. Ошондой эле, дене түзүлүшүбүз да баардыгыбыздыкы ар кандай. Бул нормалдуу нерсе.

  • Этек кир келген чакта мен канча кан жоготом?

Өтө көп эмес, болгону 50 мл ден 150 мл ге чейин.

  • Поллюция деген эмне?

Көпчүлүк балдар түнү поллюция болгонун сезишет. Поллюция - түш көрүү себебинин натыйжасында толук ырахат алуу. Мындан коркпоо керек, анткени бул өсүүчү организмде болуп турган нормалдуу процесс.

  • Канча жаштан баштап бойго бүтүү башталат?

Этек кир келгенден баштап кыздар эне болууга даяр болушат.

  • Сперматазоид түгөнүп калбайбы?

Жок, эркектин урук бездери күндө миллиондон ашык спермтазоддерди иштеп чыгарат.