Денеге болгон системалык көз караш (кыздар гана!)

Кыздардын дене түзүлүшү жөнүндө билгиң келеби? Эркектердин да, аялдардын да ички жана сырткы жыныстык мүчөлөрү болот. Төмөндө аялдардын жыныстык мүчөлөрү жөнүндө маалымат:
Денеге болгон системалык көз караш (кыздар гана!)

Чоң жыныстык тилчелер. Чаттын ылдый жагында эки бүктөмчө болуп жайгашышкан. Көбүнчө учурларда чоң жыныстык тилчелерде түктөр пайда болушат.

Кичине жыныстык тилчелер. Алды жагынан клитордун кичинекей бөлүгү менен биригип, аяк жагынан чоң тилчелерге кошулуп кетишет.

Жыныс коңулу (влагалище). Узундугу 10-12 см. болгон түтүкчө. Анын жогорку бөлүгү жатындын моюнчасы менен биригет. Жыныс коңулунун кире бериши — клитор менен чоң жана кичине тилчелердин ортосундагы жайгашкан. Ошол эле жерде аялдардын кыздык белгиси жана заара чыгаруучу канал да бар.

Жатын моюнчасы. Жатындын бир топ бөлүгүн анын моюнчасы ээлейт. Анын бир бөлүгү жыныс коңулүнун ичинде жайгашат. Моюнча коңулдун ичиндеги ыйлакчалардын иштешине жардам берет. Ал ыйлакчалардан чыккан суюктук бактерияларды өлтүрүп, жатынга инфекциялардын киришинен коргойт.

Энелик без —жыныс бездерден турган орган. Энелик безде кош бойлуулукту жаратуучу тукум уруктары өсүп жетилет. Мындан тышкары, энелик без тукум улоочу органдарга жана ткандарга жооп берет, гормондорду өндүрүп чыгарат, анын ишмердүүлүгү аялдын жашына жана ден-соолук абалына карап иштейт.

Мындан мурун, ай сайын кайталануучу этек кир жөнүндө уксаң керек.

Этек кир (айыз, менструация лат. mensis — ай) — аялдын организминин циклдүү өзгөрүшү менен ай сайын жатындан келген кан.

  • Энелик безде гипофиз бөлүп чыгарган гормондордун таасири менен энелик клеткалуу фолликул өсүп, жетилет. Фолликул өсүү мезгилинде жатынга түздөн-түз таасир берүүчү өзгөчө жыныс гормондорун (эстрогендерди) бөлүп чыгарат.
  • Фолликул жетилип жарылат да, андан энелик клетка чыгат (овуляция). Жарылган фолликулдун ордуна прогестерон гормонун бөлүп чыгаруучу сары денече пайда болот. Эстрогендердин жана прогестерондун таасиринен жатындын былжыр катмары калыңданат, анын кан тамырлары кеңейип, канга толот.
  • Эгер уруктануу жүрбөсө, энелик клетка өлүп, сары дененин функциясы азайып, акыры токтойт. Жатындын былжырлуу катмарынын канга толгон кан тамырлары жарылып, андагы кан былжыр кабыкка куюлат. Канга толгон жана борпоң былжыр кабык ажырап, кан агуу (менструация) башталат.
  • 4-5-күнү кан азайып, менструация токтоорго жакындайт.
  • Энелик клетканын жетилүү процесси мезгилдүү кайталанып турат. Адатта этек кир дайыма бир мезгилде кайталанып (3—4 жумада бир), 3— 7 күнгө (аялдын организминин өзгөчөлүгүнө жараша) созулат.
  • Цикл кайтадан бир айдан кийин башталат.

Айызы башталганга чейин бир нече убакыт бою, кыздардын төштөрү сезгич болуп, ал тургай, бир аз өлчөмдө өстүп калышы мүмкүн. Бул таң калыштуу эмес, анткени сүт бездери – аялдын жыныстык системасынын бир бөлүгү. Мисалы, аял төрөгөндөн кийин, эмчек сүт өндүрө баштайт.

Кененирээк бул жерден оку: