Сен тарапта

Балдар жаш кезинде ата-эне аларга кам көрөт. Ооруган чакта, ооруканага алып барып, дарылантышат. Бирок, 15 жаштан кийин өспүрүмдөр өздөрү дарыгерге барып, кеңеш алууга укугу бар. Дарыгерлер сенин суроолоруңа жооп берүүгө даярбы? Же алар сени кантип жашоо керек тууралуу үйрөтүп башташабы?
Сен тарапта

Ата-энеңден сурай албай турган суроолорду, мисалы контрацептивдер же болбосо этек кир жөнүндө суроолорду кимден сураш керек? Эң жакшы жер – бул жаштар мекемеси, ал жерде сени кызыктырган суроолорго жооп таба аласың, эң башкысы бул сыр боюнча калат.

Россия, Украина, Беларус, Молдова, Казахстанда мындай мекемелер аябай көп. Алардын аталыштары ар кандай болушу мүмкүн: клиника, достук жаштар мекемеси, өспүрүмдөргө жардам берилүүчү мекеме, ж.б., алардын максаты – өспүрүмдөргө консультация жана жардам көрсөтүү.

Эмне үчүн алар "достук" деп аталат? Бул жөнөкөй: бул клиникалардын ишмердүүлүгүн принциптери жеткиликтүүлүктө, ыктыярдуулукта, конфедициалдуулукта жана адамды айыптоого каршы мамиленин негизинде жатат.

 

Бул принциптер мындайлардан турат.
 

Жеткиликтүүлүк принциби:

Кеңеш алуу үчүн телефон аркылуу жазылып, өз атыңды атабай туруп маалымат алууга мүмкүнчүлүк аласың. Баасы бекер, же анчалык көтөрүңкү эмес.
 



Өз ыктыяры менен принциби:

Клиникаларда же ошол мекемелерде өсүрүмдөр кеңеш алуудан коркпоо үчүн баардык
шарттар түзүлгөн жана муну өзүнүн ден-соолугуна кам көрүш үчүн өз ыктыяры менен
келүүсү тартиби иштейт.



 

Боорукер принциби:                                                                                 

Клиника кызматкерлердин иши түшүнүүдө, сыйлоодо жана конфедициалдуулукту
сактоодо жатат. Конфедициалдуулук – бул сенин кайрылууң жөнүндө айтпоо, ал эми
анаонимдүүлүк – сенин аты-жөнүңдү сурабоо.



 Айыптообо принциби:

Клиника кызматкерлери эч качан айыпташбайт, алар сенин көйгөйүңө түшүнүү менен мамиле жасашат.



 

Ар бир өспүрүм 14-15 жаштан баштап, ата-энесиз барып кеңеш же психикалык жардам алууга мүмкүнчүлүк алат.


 

Эске ал, клиникаларда ар түрдүү адистер иштейт:

— гинеколог

— уролог

— андролог

— дерматовенеролог

— нарколог

— психолог

— социалдык кызматкер

Эгер сен бул адистер менен мурда жолукпасаң, алардын жумушу жөнүндө билип ал:

Гинекология - аялдардын ден соолугу боюнча адис

- этек кирдин келиши бузулуусу

- сексуалдуулук жашоо

- контрацепция

- кош бойлуулук

- жугуштуу жыныс органдарынын оорулары, жыныстык жол менен жугуучу оорулар

Андролог – эркектердин жыныстык системасы боюнча адис

- жыныстык системанын начарлашы (эрекция, бойдон кетүү, ж.б.);

- эякуляциянын бузлушу;

- жыныстык жол менен жугуучу оорулар;

- простатит жана башка жыныстык оорулар;

- калта оорулары жана башкалар.

Уролог - жыныс системасынын адиси

- эркектер менен аялдардын жана сийдик бөлүп чыгаруу системасынын оорулары (заара

учурунда ооруу, заара чыгуучу органдардын ооруусу.);

- эркектердин жыныстык системасынын оорулары;

- жыныстык жол менен жугуучу оорулар.

Дерматовенеролог - тери оорулары (анын ичинде безеткинин чыгышына, кал, сөөл жана ж.б.) дене, чачменен тырмак оорулары; жыныстык жол менен жугуучу оорулар;

Нарколог - ичкилик, тамеки, баңгиза менен байланышкан оорулардын адиси

Психолог

- мамиле көйгөйлөрү (ата-эне, курбу, достор менен);

- келечектеги кесибин тандоодогу кыйынчылыктар, жана башкалар.

Социалдык кызматкер

- турмуштук оор кырдаал;

- укук маселелери:

- материалдык жардам издегенге жардам берет.

Сен клиникага, сени эч нерсе кыжаалат кылбай турган кезде деле кайрыла аласың.