ВИЧ жөнүндө маалымат

Жаштык кезде жаңы сезимдерди жана эмоцияларды издеп эмне гана кылбайбыз? Бирок, чындыгында: ошол эксперименттер баардыгы эле коопсуз болбойт, ал эми аягы дайыма эле коркунучсуз бүтпөйт.
ВИЧ жөнүндө маалымат

Албетте, сенин биринчи реакцияң мындай болушу мүмкүн: «Бул жөнүндө мен билип эмне кылам?», «Мени менен мындай нерсе болбойт» Ооба, мындай нерсеге кабыл болбошуңду биз да каалайбыз, бирок бул нерсеге сенин жакындарың же досторуң кабыл болушу мүмкүн. Жадакалса, кээбир тааныштарың ВИЧ менен жашап жүргөндүр? Мындайга кандай карайсың? Алардан коркуп мамилени үзүү керекби же ВИЧ жөнүндө баардыкты билип мамилени улантуу керекби? Бул макалада ВИЧ жөнүндө суроолорду топтоп, аларга жооп берүүгө аракет кылдык.

 

Билимиңди жаңырт.

ВИЧ – бул адамдын иммунжетишсиздик вирусу. Бул вирус өнөкөт ооруга алып келет.

Инфекция жакшы изилдене элек кезде ар кандай талаш тартышты жараткан. Кээбирлер муну инопланетяндардан келди десе, башкалар аскердик максатта колдонулган бактериалдык курал деп айтышкан.

Бирок, кийин изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү ВИЧ маймылдардан жуккан инфекция деп айтып чыгышкан. Ал эми эң биринчи жолу бул дарт адамга жуккан...

Кызыкбы? Анда, бул видеороликти көр.

 

ВИЧ кандай жолдор менен жугат? Инфекция абада учат деп айтышат, бирок бул туура эмес.

Эске тут. ВИЧ үч жол менен гана жугат:

  • Колдонулган шприц, ийне аркылуу, же кан куюуу учурунда;
  • Презервативсиз жыныстык катнаш аркылуу;
  • Энеден балага (эмизүү аркылуу) 

 

Эми ВИЧ жөнүндө кээбир уламыштарды жокко чыгарабыз. Досторуң же эжейлериң эмнедеп айтпасын, ВИЧ бул жолдор менен жукпайт:

  • Чүчкүрүү же жөтөл аркылуу;
  • Өбүшүүдө, саламдашууда же кучакташууда;
  • Шилекей, тер же көз жаш аркылуу;
  • Бирглешип колдонулган ванна бөлмөсү, душ же даараткана аркылуу;
  • Биргелешип колдонулган идиш-аяк аркылуу;
  • Чымын-чиркейдин чагуусунда;

Ал эми, сенин досуң же жакын адамың ВИЧ менен ооруп калганын билсең, ал менен мамилени үзбөй, тескерисинче ага колдоо көрсөтүп, жанында бол. Бул жөнүндө кененирээк «Тоскоолдуктарды жеңген достук» макаласынан билесиң.

ВИЧке тестирлөө.

Адамдын келбетинен ВИЧ менен ооруйбу же жокбу деп биле албайсың.

Бул белгилүү адамдардын кимиси ВИЧ менен ооруйт, билип алчы.

Untitled-6-01

Бон Скотт

Untitled-9-01

Фредди Меркьюри

230px-Gia_Carangi

Джиа Каранджи

Untitled-14-01

Стефани Сеймур

Untitled-7-01

Мэджик Джонсон

Untitled-8-01

Майкл Джордан

Жооптор:

1.Фредди Меркьюри (Freddie Mercury), Queen рок-группасынын вокалисти;

2.Джиа Каранджи (Gia Marie Carangi), дүйнөдөгү эң биринчи супермоделдердин бири;

3.Мэджик Джонсон (Earvin Effay «Magic» Johnson), америкалык баскетболист, «Дрим Тим» (Dream Team) СШАнын баскетбол боюнча курама командасынын мүчөсү.

ВИЧ статусун билүү үчүн, тест тапшыруу зарыл. Тесттин ар кандай методдору бар, жадакалса 20-30 мүнөт ичинде билүүчү тесттер да ойлоп чыгарылган. Муну тапшыруу үчүн сен эмкана же ооруканага кайрылсаң туура болот. Тестттен кийин сага доктурлар консультация берип, кеңири айтып беришет.

Тесттин жыйынтыгын жеке сага гана айтуусу керек, муну унутпа!

Эгер сен ВИЧти жуктуруп алгам деп шек санап жатасаң, дароо ооруканага кайрыл да, тест тапшыр, анткени узак убакыттын аралыгында оорунун эч кандай белгилери билинбей жүрө берет.

СПИД

ВИЧ инфекциясы иммун системасын жок кылат да, бара-бара бул дарт (10-15 жыл аралыгында) СПИДке айланат.

СПИДдин өнүгүшүнө ар кандай факторлор таасир этет: жалпы ден-соолуктун чыңдуулугу, тамактануу, физикалык жана психикалык абал, тамеки тартуу, ичимдик ичүү, жана баңгизат колдонуу. СПИД ар адамда ар кандай болуп өнүгөт.

Айрымдарда рак же жугуштуу тери оорулары пайда болсо, кээбирлерде дем алуу органдардын же ашказан ооруларынын пайда болушу байкалган.

ВИЧ үчүн тузак.

Бактыга жараша, баары жаман эмес, бул бир караганда коркунучтуу болуп көрүнүшү мүмкүн. Ал эми ВИЧти жуктуруп алууну алдын алса болот, бирок жуктуруп алган болсо, анда ооруну контролдоого жана өсүүсүнө каршы чыкса болот.

 

ВИЧти жуктуруп албоонун аракеттери:

  • Кызыңа же жигитиңе ишенимдүү болуу;
  • Ар бир жыныстык катнашта презерватив колдонуу;
  • Эгер презерватив жок болсо, жыныстык катнашка барбоо;
  • Ийне менен сайылыуучу баңгизаттарды колдонбоо;
  • Башка бирөөнүн тырмак алгыч, сакал алгыч, тиш жуучу тиш жуучу щеткасы менен колдонбоо;
  • Бир гана стерилизациядан өткөн ийне, шприцтерди колдонуу;

Бирок, ВИЧти жуктуруп алган болсоң, дароо дарыгерлерге кайрылып дарыланып баштоо зарыл. Дарыгер атайын ВИЧке каршы дары-дармектерди жазып беришет. Бул антивирустук дарылар дарттын өнүгушүнө бөгөт коет.

 

Туура дарыларды ичип, режимди сактаган кезде ВИЧти жуктуруп алган адам кадимки адамдардай эле жашоону уланта бергенге мүмкүнчүлүк алышат. Эми сен ооруну кандай жолдор менен жуугарын, кандай жолдор менен жукпаарын билесиң. ВИЧ оорусу бар адамдар окууганга, иштегенге, эс алууга толук акысы бар, аларды колдоо үчүн 1 – декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү деп белгиленет.

Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү:

Вот так в разных странах привлекают внимание к проблеме ВИЧ/СПИДа

Untitled-16-01

Вашингтондогу Ак-үйгө кызыл лента асылган.

Untitled-17-01-01

Сиднейдеги опера театры кызыл түскө боелгон.

 
Untitled 63-01

Копенгагенде СПИДден каза тапкан адамдарды эскерүү кечеси.

Сүрөттөр бул булактан алынган