Главное - защита!

Эгер сенин сүйлөшкөн жигитиң же кызsң жыныстык катнашта болгондо сактануучу каражаттардын кереги жок деп жатса, анда ал менен бул жөнүндө сүйлөшүүгө убакыт жетти. Бирок...кантип?
Главное - защита!

Каалабаган кош бойлуулукка жана жыныстык жол менен жугуучу ооруларга каршы көрүү

үчүн кайсы ыкма ылайыктуу экенин эки тарап тең чечүүгө тийиш. Бир гана өз ара жана адис менен кеңешкенден кийин, силер ылайыктуу жолду таба аласыңар. Бирок көп учурда жаш адамдар бул маанилүү маселеге көңүл бурушпайт, же бул жөнүндө кеп салуудан коркушат. Мындай учурда алардын бири, бул маселе боюнча сүйлөшүүнү баштоо үчүн кайраттуу болуш керек.

 
dif talk

 

Эгер силердин мамилеңер жакындашып бара жатса, бирок бала күтүүгө даяр эмес болсоңор, кырдаалдардын айкалышына үмүт кылбагыла. Бойго бүтүүдөн сактануу – эң туура чечим.

Сенин сүйгөн адамың мыдай жоопкерчиликтен качып, коопсуз секс жөнүндө сүйлөшкүсү келбей жатса, анда ага жалпы жыныстык катнаш үчүн экөөң тең жоопкерчилик ала турганыңарды жана анын кесепеттерин түшүндүрүп берүү зарыл. Бирок, ошол кепти кантип баштоо керек? «»

1. Ылайыктуу момент танда. Мындай теманы адам көп жерде, же мейманда, же тамак үстүндө отурганда баштоого болбойт.

2. Өзүңдү кыжаалат кылып жаткан көйгөй жөнүндө айтып бер. Бул фразалар сага кепти кантип туроо баштоого жардам берет.

  • «Бул суроону сага берүүдөн толкунданып турам, бирок бул мен үчүн аябай зарыл. Сактанган секс жөнүндө эмне дейсиң?»
  • «Секс учурунда сактануу аябай зарыл деп ойлойм. Сен дагы ошентип ойлойсуңбу?»

3. Эгер сенин сүйгөн кызың же жигитиң ишеним арткан мамиледе эч кандай сактануучу каражаттарды колдонбойт деп айтып жаткан болсо, мындай эмес экенин түшундүрүп берүүгө аракет кыл. Албетте, биз сүйгөн адамыбызга жүз пайызга ишенүүнү каалайбыз, бирок, эч кандай кепилдик жок болгондуктан, сактанууну туура чечим деп билебиз.

Биринчиден, каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу үчүн жок эле дегенде контрацептивдин бир ыкмасын колдонуу керек. Презерватив – дарыгердин пикирин талап кылбайт турган абдан жөнөкөй жана жеткиликтүү ыкмалардын бири. Эгер мурун сүйгөн адамыңыз сизден башка адам менен жыныстык мамиледе болгон болсо, анда презерватив учурда жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу коркунучунун төмөндөтөт.

Экинчиден, сиздин же сүйгөнүңүздүн жыныстык мамилелерде тажрыйбасы бар болсо, анда мурдагы тажрыйба аркылуу жыныстык жол менен жугуучу, ошонун ичинде ВИЧ вирусу жана башка ооруулар бар болуп чыгышы мүмкүн. Бул оорулар көзгө көрүнүүчү белгилери жок болгондуктан, ооруну билүү кыйын. Ошондуктан, жыныстык мамилелерге бараардан мурун аны жуктуруу жана жыныстык жол менен жугуучу оорулардан алыс болуу максатында дарыгерге барып көрүнүү абзел.

4. Эгерде контрацептив жөнүндө кененирээк маалымат окугуң келсе, анда teens.kg сайтына кирип оку.

Ден соолук – эң чоң байлык. Ошондуктан, жыныстык жашоо коопсуздугу үчүн жоопкерчилиги сенин мойнуңда. Бул принципке бекем болсоң, ошончолук бекем ишеним менен сүйгөн кызыңды же жигитиңди туура чечим кабыл алууга чакырасың.

 

Көпчүлүк үчүн жыныстык мамиле жөнүндө сүйлөшүү уят деп саналат. Ооба, төшөк жана коргоочу иш-аракеттерди айтып берүү кыйынга турат. Бирок, бул жерде сен ден-соолугуң жөнүндө ойлошуң керек. Ошондуктан, уялбай кеп башта.

Эгер сенин сүйгөнүң сен менен макул болбой жатса, сен да эпке келбе. Сен өз денеңдин кожоюну болууну унутпа.